Сузак районунда Көк-Арт дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, турак жайларга кооптуу абал жаралууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ жерине чыгып кетишти. Дарыянын агымы учурда секундасына 250 метрди түзүүдө. Дарыя Благовещенка айылындагы сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №4-коргоочу тосмону жууп, Благовещенка айылындагы турак жайларга кооптуу абал жаралган", - деп билдиришти ӨКМдан.