"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Оштогу базарда таштандыда жыттанып жаткан эт боюнча эскертүүлөр берилди

Ош шаарындагы борбордук базарда жагымсыз жыттанып жаткан жер - бул атайын четки бөлүктө жайгашкан таштанды таштоочу жай. Бул тууралуу Оштун мэриясынын басма сөз катчысы Талантбек Канатбек уулу билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мекемелерге эскертүүлөр берилип, талап кылынган чаралар көрүлөт.

Сүрөттөгү жыттанып жатат деген жер чындап эле Оштогу борбордук базардын четки бөлүгүндө жайгашкан. Ал атайын эл өтпөгөн тарабында жайгашып, таштанды таштай турган жер. Малдардын башынын эти шылынып алынган соң сөөктөрү ошол жерге ташталат экен. Ал жерде таштандыны топтоп бир күндө, айрым учурда таштанды аз болуп калганда эки күндө бир алып чыгарылат экен. Сүрөттү ошол учурда тартып алуусу мүмкүн. Биз тиешелүү жерлерге кабарладык, эскертүүлөр берилди, тартипти сакташпаса, катуу чаралар көрүлөт", - дешти мэриядан.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-майда "Ош шаарынын борбордук базарында санитардык абал сакталбай жатат" деп окурман SUPER.KG'ге кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erkeleim
2017-05-18 18:34:19
Азаматсынар СУПЕР инфо силер канчалаган проблеманы чечип бердинер эл мн бийликтин ортосундагы алтын копуро силерсинер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан