Жогорку Кеңештин комитети Жылдыз Мусабекованын журналистти коркутуп, мазактаганы боюнча маселени карабай, фракцияга жөнөттү

КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы коркутуп, мазактаганы боюнча маселени парламенттеги тийиштүү комитет карабай, фракцияга жиберди. Бул тууралуу 25-майда журналист SUPER.KG порталына айтып берди.

Анаркулова Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрайымы Асел Кодуранованын атынан келген жооп тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

"Жооп катары келген катта депутаттык этика кодексине ылайык, "депутат өзүнүн сөзүндө орой, кемсинтүүчү сөздөрдү колдонбоосу, одоно сөздөрдү айтпашы, мыйзамсыз иш-аракетке чакырууга жол бербеши керек" деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле Депутат Мусабекованын жүрүм-туруму фракция жана партиянын жана жалпысынан Жогорку Кеңештин аброюна таасир этерин белгилеп, аталган кайрылуу катка тиешелүү чараларды көрүү үчүн КСДП фракциясынын лидери Иса Өмγркуловдун кароосуна жөнөткөнү жазылган. Депутаттын оозго алгыс сөздөр менен сөккөнүн жана коркуткандыгын регламент боюнча комитети "одоно сөздөрдү айтпашы керек" деп эле чектелди", - дейт Анаркулова.

Интернетке депутат Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутканы жарыяланган. Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Ал эми Анаркулова аудио монтаждалбаганын, сүйлөшүү түз эле телефонго жазылганын билдирген.

Үпөл Анаркулова эл өкүлүнө тийиштүү чара көрүү боюнча президент, парламенттин төрагасы, маданият министри, регламент боюнча комитеттин төрайымына кайрылуу жасаган. Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов журналисттин кайрылуусу президенттик аппаратта караларын кабарлаган.

Ушул жылдын 12-майында Анаркулова Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын коркутуп, мазактаганы боюнча президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмγркулов, Жогорку Кеңештин регламент боюнча комитетинин төрайымы Асел Кодуранова, маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковго кайрылуу кат жибергенин маалымдаган.

КСДП фракциясынын жыйындарына Жылдыз Мусабекова эки ирет катышпай, маселе каралган эмес. Анда фракция лидери Иса Өмγркулов депутаттын ооруп калганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Krai
2017-05-25 22:15:49
Оозу кыйшык болсо да сдпк суйлосун (соксо) деле боло берет
+25
Aruwka.89
2017-05-25 22:47:59
Krai, боорду эздинизго)))))
+10
ekalove
2017-05-25 23:39:55
Aruwka.89,Ушу эле эзилип кеттиби))
-11
gulmira12345
2017-05-25 22:56:46
эгиздин тугойу экен Аллах бар жогоруда
+7
ekaterinburg
2017-05-25 23:14:32
Жанагы митинг болгондо эле чыга берчу акыйкатчылар(омбудсмен)кайда?Чечип беришпейби ушундайларды!Закон жалан гана жонокой адамдарга иштеши корунуп турат!Чондорго закон иштебейт!Азыр жонокой эле карапайым адам согуп койгондо ошол куну эле камалмак!Же бир жазасын алмак да.
+11
AKCAHAT
2017-05-26 00:08:08
Эми ал кыздын кийинки жашоосу кандай болот. Жон койбойт го
+7
ayjan_90
2017-05-26 03:09:10
Бул катын озуну ошончолук кыйын сезет экен суйлогондорунон байкадым биздин мыйзамды тоготпойт бул акча менее сатып алып койгон калп эле нары бери суйробогулочу ишти колунардан эч нерсе келбегенден кийин
+7
RusMos76
2017-05-26 03:23:36
Комитет эмнени чечет озу, деги окубадым комитеттин иштин аягына чейин карап бир несени чечкенин, ак же кара деп, болбосо карапайым эле элден тузсун комиьетти айлык коротуп да кереги жок ошолор чечет баарын!!!
+5
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-26 07:41:02
Жайлоого алпарып жамгырда уй саадырыш керек
+6
Tunerbei1812
2017-05-26 08:17:12
Адилет, акыйкат деген баалуулуктардын баарын СДПК мусорго ыргытты. Анан каяктагы ыйманды айтышат президент баш болуп.
+7
banditka
2017-05-26 08:27:27
СДПК уч тамга
+7
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-26 09:14:06
Жазасыз калбааайт кудай турат биз тушунбойбуз биз болгону бир тамчы суубуз кудай болгону сынап жатат кудайдын бир каалосу менен жер менен жексен кылып таштайт ойлобогула ушундай болсоле жакшы болуп кетет деп дуйнону дунгуроткон хандар откон бул эле асманга чыгып кете албайт адлетсиз хан болбосо мындай ыпластар эл башына келбейт эле байкап тургула созсуз жазаланат.
+4
kenjebek_a
2017-05-26 09:39:11
СДПКдан башка партияда болгондо эчак эле иши сотто болот эле.Бул катындын озун эринин козунчо 10 эркеке зордотуш керек.
+2
Izdeim_seni.
2017-05-26 10:30:47
Ушул аял кантип ,кайсы бети менен эл астына чыгат Эми депутат катары
+3
mirbek2211
2017-05-26 10:36:35
Мен деген мусабековамын десе жоопко тарткандан баары коркуп отурабы ар шылтоону айтышып, таш баранга эле алып койчу адам экен ортого алып аны.
+2
Istina1000
2017-05-26 11:53:23
Мен ар дайым айтып келгем, жана да айта берем. Бул бийлик элге жарытып кызмат кылбайт. Кыргыздын тубуно жетчулор ушулар окшойт......
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-26 12:35:24
Istina1000,жуликтер да
+2
kaniulia
2017-05-27 00:11:51
Чондор курутуп бутту кудайдан да эч коркпогон ушулар акыры элибизди жок кылып анан тынышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан