Венесуэлада болгон нааразычылык акциясында 250гө чукул адам жабыр тартты

Венесуэланын борбору Каракаста 29-майда нааразычылык акциясында 247 адам жаракат алды. Бул тууралуу оппозициянын лидери, Миранда штатынын губернатору Энрике Каприлеске таянып, жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, ошондой эле Каприлес бийликти митингге чыккан элди таркатууга криминалдык өтмүшү бар адамдарды колдонду деп күнөөлөгөн. Анын айтымында, митинг учурунда ал өзү да жабыр тартты.

Эскерте кетсек, Венесуэлада нааразычылык акциялары апрель айынын башынан бери болуп келе жатат. Буга чейин да эл менен полиция бир нече жолу кагылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан