"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Аялдаманын алдындагы арык бир жумада жабылып, керектүү белгилер орнотулат

Бишкектеги Бейшеналиева көчөсүндөгү аялдамага бир жуманын тегерегинде керектүү белгилер орнотулуп, арыктын үстүнө темир тор төшөлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Султан Өмүров билдирди.

"Аялдама бизге карайт, ал эми арыктын үстүнө темир тор төшөп керектүү белгилерди орнотууга "Бишкек асфальт сервис" мекемеси жооптуу. Биз алар менен сүйлөштүк жакында бул маселе толук чечилет", - деди Өмүров.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман WhatsApp аркылуу Б.Бейшеналиева көчөсүндөгү аялдаманын алдында үстү ачык арык бар экендигин жана аялдама унаа токтотуп коюучу жайга айланып кеткендигин "Элдик кабарга" билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Marianna77
2017-06-14 19:30:27
Супер инфо сиздерге рахмат. Элдик кабар рубрикасын ачып койгонунуздар учун. Мамлекеттик денгээлде болгон катачылыктар,элдин койгойлору сиздер аркылуу чечилип жатат. Чиновниктер супер инфону эле андып отуруп калышты ондонот. Анткени кабар чыгаары менен эле жооп кайтарып жатышат.сиздерге рахмат. Эл менен бийликтин ортосунда копуро болуп журо бериниздер.
+12
akil.91
2017-06-14 19:53:36
Кабарды жоноткон андроидди утту го дейм...
0
Kanzada97
2017-06-14 20:22:25
Мындайча айтканда бийликтегилерди же бийлик окулдоруну эл башкарса болоткен.
+3
legion-arbat
2017-06-14 21:20:18
Не эл козго сайып коргозмойунчо иштебей калышканбы
+4
Kroxa
2017-06-14 23:31:57
Ошону айттырбай кылса болбой беле??шалаакы курулуштардын элге пайласынан зыяны коп бул бир эле мисал,башка шаар башка жерлеринде комуско мындай корунуштор четтен чыгат, ушу борбордо ушундай мер иштесе башка шаарларды айтып эмне??УЯТ...
+4
Nendi15
2017-06-14 23:41:56
Арканардан сайса анан иштейсинерби? Андай болсо күтүп жата бергиле менин аркаман келип ким саяр экен деп,бети жоктор.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан