Бүгүн, 26-июнда белгисиз милиция кызматкерлеринин бүтүрүүчүлөрдөн акча талап кылып жаткан видеосу тарады. Жарыяланган видеодо милиция менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосунда өз ара соодалашуу жүргүзүлөт. Андан жарандык кийимчен жана формачан бирөөлөр экинчи тарап менен "ар бир унаа үчүн 200 сомдон акча чогулткула, болбосо унааңарды айып төлөөчү жайга койсок мамлекетке 2000 сомдон айып пул төлөйсүңөр" деп сүйлөшүп жатышканын угууга болот.
SUPER.KG порталы окуянын Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун борборунда катталгандыгын аныктады. Ошондой эле Талас ОИИБинин маалымат катчысы Динара Сарногоева видео тууралуу жетекчиликке билдиргенин жана териштирүү башталгандыгын маалымдады.
“Азырынча бүтүрүүчүлөрдөн акча талап кылган кызматкердин ким экендиги бизге белгисиз. Бирок окуя Бакай-Ата районунда болгондугу анык. Жетекчиликке окуяны билдирдим жана бул боюнча өздүк коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзүп баштады. Жакынкы күндөрү окуянын себептери боюнча толук маалымат беребиз”, - деди Сарногоева.
Кошумчалай кетсек, 24-июнда Ош шаарында мектеп окуучулары үйлөнүү үлпөт тойлорунда ижарага берилген Мерседес-Бенц-Гелендваген үлгүсүндөгү унааны алышып, жол кырсыгына кабылышкан. Акыркы маалыматтар боюнча кырсыкка кабылган окуучулардын биринин абалы оор.