Текебаев жана Чотоновдун сотунда күбө катары келген Модин суроолорго толук жооп берип бүткөн жок. Сот эртең, 28-июнда уланат

Тектеш кабарлар: Текебаевдин соттук иши (218 материал)

Бүгүн, 27-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

14:16 Текебаев жана Чотоновдун соту башталды. Аларды конвой сот залына алып келди. Катчы соттолуучулардын досьесин окууда. Учурда сот залында Текебаев, Чотонов жана депутаттар Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев жана жарандык коом, журналисттер отурат.

14:18 Текебаев: "Биринчиден, 2016-жылы декабрда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Анда 104-берененин 6-пунктунда прокуратурага мамлекеттик чиновниктерге кылмыш ишин ачууга укук берилген. Бирок ал норма азыр жок. Бул мыйзам долбоору учурда 2-окууда каралып жатат. Ошондуктан прокуратура мага кайсы мыйзамдын негизинде кылмыш ишин козгоду? Бул мага түшүнүксүз. Айып мыйзамсыз", - деди.

14:35 Сот Текебаевден "күнөөңүздү моюнуңузга" аласызбы деп сурады. Текебаев алам же албайм деп айта элекмин деп жооп берди.

14:38 Чотонов: "Мага баары түшүнүктүү. 4 ай мурун телевидениеден чыгып бир киши булардын баары коррупционер деп айтканы белгилүү. Мен күнөөмдү моюнума албайм. Бул саясий иш", - деди.

15:47 Алексей Модин күбө катары көрсөтмө берип жатат.

15:50 Модин: "2010-жылы апрелде мага Талант Маматкерим уулу чалып "Альфа-Телекомду" сатып алууну айтышты. Мен бул сунуш боюнча Маевскийге айттым. Бирок андан дароо эле жооп ала алган жокмун. Маевский жообун бергенден кийин гана Талантка чалып компанияны сатып алчу киши бар экенин, бирок аны көрүшүбүз керек экенин айттым. Чотонов, Талант менен Бишкектеги эмен сейил багында жолугушканбыз. Ошол учурда Чотоновго чалуу келип, бизди Ак Үйгө чакырды. Ал жактан Текебаев менен жолугуштук. Баарыбыз чогуу кирдик. Маевский берилген сунушту кабыл алууга даяр эмес болчу. Эртеси Москвага учуп кетти. Кийин чечим кабыл алды. Кайра жай мезгилинде келип Текебаев менен жолугушкан. Кайсы жерде жолугушканын билбейм. Маевский август айында келип сүйлөшүү жүргүзүп кеткен. Кийин ошол айда акчаны алып келдик. Акча Таланттын колуна берилген. Ал алгандыгын тастыктаган тил кат жазып бериши керек болчу. Бирок тамашага салып жатып жазып бере албай турганын айтты. Кийин Маевский айдын аягында кайра келип жолугуп, сентябрдын башында дагы келип кеткен. Калган акчалар да сентябрь айында берилгенин айтты. Маевский менен Текебаевдин акыркы жолугушуусу декабрь айында болгон. Ага чейин да Маевский Текебаевге жолугуп акчаны кайтарууну же убаданы аткарууну талап кылган. Бирок аткарылган эмес".

16:04 Прокурор Модинден Текебаев менен кайсы айларда, кайсы күндөрү жолугушкандарын сурады. Модин так күндөрүн билбейм, бирок айларын билем деди. Прокурор андан алгачкы 300 миң долларды кимге бергенин сурады.

16:24 Текебаев Модинге суроо берип жоопторун алып жатат. Текебаев Маевский менен Модиндин Кыргыз жерине келип кетүү боюнча көрсөтмөлөрү эки башкача чыгып жатканын айтты. Ошондой эле Текебаев Модин "Мегакомдон" жумушка орношуу үчүн 4 ай күткөнүн жана ал эмне үчүн "Мегакомго" жумушка орношушу керек экенине кызыкты.

16:30 Текебаев: "Маевский акчаны сага берип сен аны Зиминскийге берип, аны менен "Мегакомго" кирүүнү көздөгөнсүң. Маевский 4 жолу убактылуу өкмөт учурунда Отунбаеванын биринчи орун басары менен жолугушкам деп айтууда. Биринчи орун басардын кабинетинен жолугушканыңарды айтып жатасыңар. Анын орун басары деген Атамбаев болгон. Силер чаташтырбагыла", - деди. Модин Маевскийдин 5 жолу келип кеткендигин айтты.

16:32 Текебаев Модинге "сиздин акча бергениңизди ким далилдейт? Сиз кантип далилдейсиз?" - деп сурады. Бул суроого жактоочулар так жооп берүүнү сурашты.

Текебаев: - Сиз Маматкерим уулу Талант менен "Вефа-центрде" бир канча жолугушуу уюштургансыңар, чынбы?

Модин: - Чын.

Текебаев: - Ошондой эле сиздин "Мегакомдун" башкы директорлук ордун сураганыңыз чынбы?

Модин: - Кайсы кызмат бериле турганын так билбейт болчумун.

16:58 Текебаевдин жактоочусу Модинге "сиз ишкерсиз. Ишкерликте ар бир каржылык алакада жок дегенде документтештирүү керек. Эмне үчүн жок дегенде бергениңизди далилдөөчү жазуу алып койгон жоксуз. Кантип далилдейсиз?" - деп кайра суроо салды.

Текебаев "Маевский мени менен эмес, Атамбаев менен жолуккан" деди. Ошондой эле акчаны эмне үчүн жана кимге бергенин, 6 жылдан бери ушуну эмнеге тактабай жүргөнүнө кызыкты. Модин так жооп бере элек.

17:10 Модин акчаны Маматкерим уулу аркылуу Текебаевге бергенин далилдей албай турганын айтты. Себеби Талант Маматкерим уулу каза болуп калган деди.

17:15 Текебаев Маевский менен "Супарада" бир жолу жолугушканын айтты. Модин болсо ушул жылы Маевский менен бир нече жолу жолугушканын айтты.

17:18 Текебаев "ал Кыргыз жерине келип жетекчилер менен жолугушканын сизге айттыбы" деп суроо салды. Модин билбейм деп жооп берди. Текебаев Маевский УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев менен жолугушканын да айтты.

Текебаевдин жактоочулары тактоочу суроолорду улам-улам берип жатканынан Модин калп айтып жатканын айтты. Модин Маевский Текебаев менен жолугушуу үчүн 5 жолу келип кеткенин бардык жолугушууларга катышканын белгиледи. Ал эми Чотонов жолугушууларда 3 ирет болгонун айтты. Бирок негизги диалогдорго катышканын же катышпаганын айта алган жок.

17:37 Модин Маматкерим уулуна 300 миң доллар так бергенин билбей турганын айтты. "Ичинде канча акча бар экенин билбейм, сыртында 300 миң доллар деп жөн эле жазылуу болчу. Калган 700 миң долларды Маматкерим уулу алганын мага кийин өзү айткан", - деди ал.

17:45 Модин "Текебаев, Маевский жана Өмүрбек Абдрахманов жолугушуп эмне тууралуу сүйлөшкөнүн эстей албайм. Бирок "акырын үстүндө жаздырып калышат" деп жатышканы эсимде. Ал эми Абдрахмановду алардын ортосуна ким аркылуу аралашканын билбейм. Акчалар чек арадан кантип киргенин да билбейм", - деди ал.

18:00 Текебаев Модинге "Биздин жолугушуубуз 21-декабрда болуптур дейли. Сиз 2010-жылы, 22-ноябрда Москвага учуп кетип өлкөгө 40 күн келбептирсиз. Анан сиз кантип Абдрахманов, Маевский жана менин жолугушуума катышып калдыңыз?" - деди.

Ага Абдрахмановдун "Текебаев, Маевский болуп жолукканбыз" деп, ЖМКлардын бирине берген интервьюсунда айтып жатканын мисал кылды. Текебаев ага "Абдрахманов силерди интернеттен гана көргөн" деп жооп кылды.

18:17 Жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу бүгүнкү сот отуруму эртең, 28-июнга жылдырылды. Эл эшиктин алдында Текебаевге жана Чотоновго боштондук ураанын чакырып турушту.


кошулду
Жактоочу: Модин Текебаевдин эмес, Атамбаевдин кабинетине барыптыр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан