"Эгиз төрөлгөн кыздарымдын бирин ооруканадан бербей коюшту", - деген арыз менен Балыкчы шаарынын тургуну УКМКга кайрылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын Махабат Намазбекова аттуу тургуну көз жарганга чейин бир нече жолу УЗИ аппараты менен текшерилген. Бардык текшерүүлөрдө дарыгерлер ага эгиз кыздарды күтүп жаткандыгын айтышкан.
Ушул жылдын 6-июнь күнү ал Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарган. Төрөтүн кабыл алгандар ага жалгыз кыз төрөлгөндүгүн кабарлашкан. Дарыгерлерге ишенбеген жолдошу Данияр Чыбыев 12-июнда арыз менен УКМКга кайрылган. Арыз УКМК тарабынан бир жуманын ичинде каралып, Каракол шаардык прокуратурасына жөнөтүлгөн.
Кийин Данияр Чыбыев интернетке видео билдирүү таркатып, жоголгон кызын таба албаса дүйнө кезип же өз жанын өзү кыярын билдирген.
"Келинчегим эгиз төрөмөк, сегиз жолу УЗИ аппаратына түшүп, сегизи тең эгиз бала деп көрсөткөн. Бишкекте келинчегим УЗИге түшкөнүндө дарыгер эки жүрөк согуп жатканын, кыймылдары жакшы экенин айткан. Биз эгиз кызды күтүп жатсак жалгыз кыз төрөлдү деп кабарлашты. Ошол күндөн бери акыйкатка жетпей келебиз", - дейт Чыбыев.
Ал эми Балыкчы шаарынын ооруканасынын жетекчиси Талант Жумагазиев жалгыз кыз төрөлгөндүгүн, УЗИден жаңылыштык кетүүсү мүмкүн экендигин айтты. Андан тышкары төрөт учурунда Махабат Намазбекова эсинде болгонун баарын өзү көрүп турганын кошумчалады.
Учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинде бул иш боюнча түзүлгөн атайын комиссия иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
.