Чолпон-Атада Патрулдук милициянын кызматкерин унаа сүзүп кетти. Абалы оор болуп, операция жасалып жатат

Бүгүн, 28-июнда Ысык-Көлдө Патрулдук милициянын кызматкерин айдоочу унаасы менен сүзүп кетти. Республикалык Патрулдук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Медер Шабдановдун SUPER.KG'ге билдиришинче, милиция кызматкеринин абалы оор болуп, учурда ооруканага жеткирилип, ага операция жасалып жатат. Кырсык Чолпон-Ата шаарында саат 17:00 чамасында катталган.

"Кызматкер жолдо кызмат өтөп жатканда Субару Форестер унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, аны сүзүп кеткен. Андан кийин милициянын кызматтык унаасын да сүзгөн. Натыйжада кызматкер оор жаракат алды. Азыр ооруканада операция жасалып жатат. Ал эми сүзүп кеткен айдоочунун унаасы айып жайына токтотулуп, материалдар жыйналып жатат", - деди Шабданов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Patriot7
2017-06-28 19:12:41
Тиги оор жаракат алган коллегасын таштап коюп башка нерсе кылып жатат ГАИшниктер. Балким сузгон баланы кармап жаткандыр...

Олум менен омурдун ортосунда жаткан кесиптешин ооруканага жеткиришсе болбойт беле, сулайтып жаткырып койбой?!! Сузгон адам эртели кеч кармалат эле го...

Мен милициялардын адамгерчилигине айтаарга соз таппай турамын...
-2
Mikella
2017-06-28 22:11:35
Patriot7,умный боло кальачы. Эч нерсе билбей туруп жазган ушу сенин адамгерчилик сапатына тан калып жатам! Билбесен мындай учурда кыймылдатпай жаткырыш керек скорый келгенчекти. Ужас!!!
+3
Take_men
2017-06-28 20:07:03
Оор жаракат алган адамды мумкунчулук болсо врачтар келгиче кыймылдатпаш керек. Кошумча травма болуп калышы мумкун. Эмне болсо да эртерээк айыгып кетсин.
+6
Kroxa
2017-06-29 10:15:04
Бизде скорый да тез келет эмеспи,ал келгиче кан жоготууга дуушар кылат анан аягы эмне болот???тез жардам кызматы болгон сон тез жургудой мигалка менен жолду бошоттуруп тез келе калса..
+1
janka7
2017-06-29 10:27:17
Жаткан жери жайлуу болсун!Агабыз отуп кетти,.Артында чырактай балдары ,келинчеги жаш калды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан