Чүй облусунун Сокулук районундагы №19-колонияда жазасын өтөп жаткандар ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ачкачылык кармоо боюнча 13 адам арыз менен кайрылган.
"Ачкачылык кармоо 27-июнь түнү башталган. Жазасын өтөп жаткандар жаңы абак тартибине каршы болушууда. Анткени мурда ээн эркин басып жүрүшсө, эми камерада отурушат. Бул абакта өмүр бою соттолгондор жазасын өтөшөт. Мыйзам боюнча алар жазасынын белгилүү бир мөөнөтүн камерада өтөш керек", - деп билдиришти Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан.