"Эгиз төрөлгөн кыздарымдын бирин ооруканадан бербей коюшту", - деген күмөн менен УКМКга кат жазган Балыкчы шаарынын тургунунун окуясы боюнча шаардык оорукана жооп берди. SUPER.KG порталына Балыкчы шаардык ооруканасынын акушер-гинекологу Тилек Айдыралиева буларды айтат:
"Төрөлгөн ымыркайдын энеси Махабат Намазбекова кош бойлуу кезинде УЗИге түшкөндө аппарат түйүлдүктү 2 кылып көрсөткөнү чындык. Бирок бул бардык эле учурда эгиз болуп чыгат дегенди түшүндүрбөйт. Эненин жатынында суу көп болгондо түйүлдүк чагылышып, аны экөө кылып көрсөтүшү ыктымал. Муну "суу эгиз" деп коёт. Төрөткананын врач-акушери Б.Абдиев Намазбекованы кароого алып, курсактагы баласы телки, бирөө эле экенин аныктаган. Абдиевге кошумча врачтар Тилек Айдыралиева, Ч.Эркимбаевалар да энени текшерүүгө алышып, ичинен 1 гана баланын жүрөгү сокконун тастыкташкан.
6-июнь күнү эне табигый жол менен төрөй албагандыктан аны операция жолу менен төрөтүүгө туура келди. Наркоз жалпы эмес, жүлүнгө сайылгандыктан Намазбекова операция процессин сезип эле турган. Операциядан кийин врачтар эненин ичинен 3 килограмм 250 грамм салмактагы ымыркай кызды алып чыгышты. Бала энеге көрсөтүлгөн, андан соң атасына да көрсөткөнбүз", - дейт Айдыралиева.
Администрациядан билдиргендей, Махабат Намазбекованын жолдошу Данияр Чыбыевге келинчегинин төрөтү оор болорун эскертип, Каракол шаарына алып барууну сунушташкан. Бирок Чыбыев жана Намазбекова Балыкчыдан эле төрөттү кабыл алууларын өтүнүшүп, "доо артпайбыз" деп тил кат жазып беришкен. Учурда бул иш боюнча министрликтен түзүлгөн комиссия Балыкчы шаардык ооруканасын текшерүүгө алууда.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 6-июнь күнү Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарган эне түйүлдүктү эгиз деп болжоп, телки бала төрөгөнүнө ишенбөөчүлүк кылган. Анын жолдошу Данияр Чыбыев 12-июнда арыз менен УКМКга кайрылган. Арыз УКМК тарабынан бир жуманын ичинде каралып, Каракол шаардык прокуратурасына жөнөтүлгөн.