Американын Лас-Вегас шаарындагы ооруканалардын биринде бейтап айланасындагыларга ок чыгарып, андан соң өз жанын кыйган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, ок аткан жанкечтинин мындай кадамга баруусуна аны дарыгерлер кезексиз кабыл албай койгону себеп болгон. Жергиликтүү полициянын айтымында, ал эки медицина кызматкерин жарадар кылган. Жабыркагандарга дароо жардам көрсөтүлгөн. Мындан сырткары дагы экөө окуядан улам жеӊил жаракат алышкан. Азырынча өзүн өзү өлтүргөн кишинин аты-жөнү аныктала элек.