Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Аида Салянованын агасына издөө жарыяланды

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча депутат Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасовго (Калый Салянов) издөө жарыяланды. Бул тууралуу 3-июлда ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишти иликтөөгө тоскоолдук жараткан Калый Элтуйбасовду камакка алуу чечими чыкты.

ИИМдин басма сөз кызматы билдирген маалыматта "2014-жылдын 22-мартында Элтуйбасов менен саунанын ээси А.Н. маркум Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча милиция тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатканын билип, саунадагы видеокамералардын 2014-жылдын 10-мартында тартылып калган тасмаларын өчүрүп салышкан. Мындан улам кылмыш ишти объективдүү иликтөөгө тоскоолдуктар жаралган. 2017-жылдын 29-июнунда ИИМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренеси (тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. ИИМдин маалыматына караганда, Элтуйбасов өлкө аймагынан чыгып кеткен. Учурда аны камакка алуу чечими чыгып, издөө жарыяланды" деп жазылат.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Салянованын агасы кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (44)
Patriot7
2017-07-03 18:32:59
Ошол учун ата-энелер уул-кыздарынарга татыктуу тарбия бергиле! Телефон же телевизорго кирип кетпей убакыт таап аларга убакыт болгуло, кичине болсо алар менен ойногула, чонойуп калса алар менен чон адамдай кенешкиле. Уулунар эртен жеткен койрон, чон муштум зоокур болбосун. Кызынар уй ишин эптей албай эзилген, тили он карыш, корунгон жигит менен жалжактап колунан телефон тушпогон женил ойлуу болбосун. Уят олумдон катуу деген кеп бар, туура тарбия бербей, кийин кийин окунуп калбагыла.
+12
Begimkyz
2017-07-03 19:09:55
Patriot7,Биринчи "мен мындай уул, кызды тарбиялап тууруна кондуруп койгом, керек болсо силер да ушундай кылгыла" десениз сонун болмок экен. Пустое ведро громче гремит.

-3
Patriot7
2017-07-03 19:32:35
Begimkyz, ал учун коп кутуп каласын да...
+5
Begimkyz
2017-07-03 21:13:50
Patriot7,Эртен эмне болорунду билбегенден кийин, бироого антип коп сын такпа! Тим эле идеальный болуп кетесинер да чон ата болуп, турмуш башка, бойдок болуп чон-чон суйлогон башка.
-5
Patriot7
2017-07-03 23:20:37
Begimkyz, сен озун "соо" элесинби, озун туз жолдосунбу, кайра кайра тарабын алып калдын, жаман жолго баскандардын?!

Элибизде "коп жашаган эмес, копту коргон коп билет" деген кеп бар. Элге насаат менен кайрылуу учун созсуз чон ата, чон эне болуу шарт эмес. Экинчиден китептен теория алып жазып жатканым жок, турмушта коргон билгендеримди жазып жатамын.

Ата-энесинин тарбиясын бала кабыл албаса, демек тарбия туура эмес кеткен, ошондон улам уул-кыздар
+4
Patriot7
2017-07-03 23:25:57
ошондон улам уул-кыздар ата-энесин угушпайт. Тарбия туура болсо уул-кызы ата-энесин угат, жаман адаттан тыш болот, жаман жолго баспайт. Ачууга алдырып бироо менен урушуп мертинтип же олтуруп алган башка, атайын пландап бироону тоногон же бир кызды зордуктаган башка. Ошол сынары тарбиялуу уйдо чонойгон кыз калпыс иш жасап алышы мумкун, бирок биле туруп зынакорлукка баруу бул тарбиянын жоктугунан кабар берет. Баары сага окшоп сойкулукту актай берсе улут келечеги кандай болот?!
+4
daniel87
2017-07-04 02:37:09
Patriot7,ой Тууганым келечек табышмак?эртен эмне кутуп турат бир кудай билет!!!айта база бериш оной,турмуш биз ойлогондой болбойт экен!башка тулуп калгандан коркунуз!кабырда жатканлы жакшы соз менен эстейли!
0
Patriot7
2017-07-04 03:10:57
daniel87, сен тууган туура да, туура эмес да айтып жатасын! Мен маркумду каралап жоо жомок токуп жаткан жерим жок. Эгер маани берсен макалада шилтемелер турат, 2 жыл илгерки маалыматтарга алып баруучу. Мен жогоруда жазгандай ар бир адам, ар бир ата-эне сабак алып жыйынтык чыгарсын маанисинде жаздым.

Анан да мисалы сен Гитлердей же Курманбектин атасы Тейитбектей адамдарды кантип жакшы дей аласын козу откон болсо да. Элди тентиткен Акаев, Бакиев, Атамбаевди мен эч унутпаймын...
+4
ali1995
2017-07-03 18:35:30
Ушуга Качып кеткенден кийин издебей Качып кеткенче кармап камаш керек эле.после пожар
+8
taalay25
2017-07-03 18:38:28
Мага ГУУРда иштеген опер 2014-жылы эле айткан эле. Бул ишке Салянованын агасынын тиешиси бардыгын прокуратура ишке тоскоол болуп атканын айткан эле. Атын айтбай эле коёун, ал азыр башка жакка чоноюп кетти.
+13
Mers124
2017-07-03 20:14:30
taalay25, калп айтпачы. Жон эле тиги кыз менен эс алган. Ошондогу видеону очуртуп салган, бала бакырасынан уялып. Бул бийликтин жон эле Салянованы кысып койгусу келип аткандагысы.Мелис Турганбаев жаап жашырбаган киши
-11
taalay25
2017-07-03 22:22:23
Mers124,башвм экоо эмес менин
+4
tursunbaev78
2017-07-03 20:19:38
Маркумдун артынан жаман сөз сүйлөбөгүлө,туура эмес,күнөөсү болсо азабын өзү тартат
0
BegimaiBegimai
2017-07-03 20:35:22
эмне эле кылмыш ачылбайт десе Салянованын агасы турбайбы
+7
Jeka1996vip
2017-07-03 21:12:53
ХХХ боигдин жугу кимдики экенин чечип алгылачы биринчи
-3
pixduel1
2017-07-03 22:29:25
1500дой киши дейби
+3
nemo2016
2017-07-04 00:35:36
тынч койгулачы жайда дагы тынч жатсын кылган куноосу болсо аллах озу кечирсин
+1
meni_kut
2017-07-04 01:10:04
Баарынан да Камиланын жаш жигити бар экен эле,уйлоном деп сойко салган.Суйгон кызынын кандай жолдо жургондорун угуп шок болсо керек.
+1
daniel87
2017-07-04 02:34:28
Туугандар койгула билип билбей эмне суйлоп жатасынар кабырда жаткан адамды тынч койгула!!!эртенки кун табышмак Уулу бар узун суйлобойт кызы бар коп суйлобойт деген кеп бар!АШАга каршы турган эжекебизди кысып жатышатко саясий сасык нерсе жыттанып жатат
0
Patriot7
2017-07-04 03:27:14
daniel87, сен тууган кайсы максатта жазып жатасын же Салянованын тууганы болосунбу?! Салянова прокурор болуп турганда Атамбаевдин камчысы болуп кызмат отоп берди, азыркы прокурор-соттордой Атамбаевдин оппоненттерин камады. Ош окуясы боюнча минден ашуун иш козголуп жузго жетпегени гана жыйынтыкталды. Кумтордогу кыныр иштерди С.Жапаров козго сайып корсотуп турса, Кумторго кылмыш иш козгобой, кайра С.Жапаров, Ташиевдерди турмого тыкты, болбосо алар Кумтор учун куйуп-бышып митинг откоруп жатышкан.
+4
Patriot7
2017-07-04 03:40:05
daniel87, Салянова болгону Атамбаевдин колунда куурчак болду, прокурор болуп турганда Мырзакматовко да негизсиз кылмыш ишин козготкон, саясий буйрукту аткарып. Озу Бишкек шаарында жер тилкеси, Кумтор махинацияларына аралашканы айтылып эле келет. Салянова прокурор болуп турганда, маркумдун ойношу болгон аталаш агасын кылмыш жообунан калкалап келгени эч кимге жашыруун эмес. Жыргал Кыдыралиева агасы Канжар Кыдыралиевди сот жообунан куткаруу учун оз бийлигин колдонгон сыяктуу.
+4
azamat1978
2017-07-04 08:48:57
Салянова иштеп турганда ал да коптогон адамдарды каралады, озунун куйосуу куталганбы алдагы кылмыкер, агасыда кылмышкер, болуп чыгып жатат аллах озу таразалап койот, бирого кор казба озун тушосун деген кеп бар да.
+2
meni_kut
2017-07-04 09:03:40
Сальянова кайтар дуйнону коруп атат.
0
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-04 10:32:30
Patriot7 Туп туура айтат чындык ачуу болот катабызды мойунга алышты уйронуш керек Эркексин
+3
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-04 10:33:43
Жаап жашырып ушул убакка келдик болгонду болгондой айтыш керек
+2
tagokg
2017-07-04 22:59:58
кызык эле, ИИМдин басма сөз кызматы 2015-жылдын 6-январында Турмуш басылмасына тараткан маалыматында К.Саляновдун бул кылмышка тиешеси жок деген. Эми эмне деп жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан