Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Октябрь айылында 9 жашар кыз сууга агып кетти. Бул туралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ күнү, 11-июлда саат 18:00дөр чамасында Савай каналынын жээгинде ойноп жүргөн 9 жашар кыз сууга түшүп кеткен. Издөө иштерине жалпы 17 куткаруучу тартылып бирок кыз табылган эмес. ӨКМдан бүгүн да издөө иштери улантыларын билдиришти.