Сузак районунда 9 жаштагы бала сууга түшүп жатып, чөгүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 11-июль күнү саат 20:00 чамасында Кара-Дарыя айылынын тургуну болжол менен 2008-жылы туулган жаш бала Кара-Дарыя айылынын Нефтепром тилкесинде сууга киринип жатып, чөгүп кеткен. Азыркы тапта 6 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүрүп жатат.