Греция менен Түркиянын деңиз жээктеринде күчтүү жер титирөө болду. Алдын ала маалыматтар боюнча 2 киши каза болуп, 100дөн ашык адам ооруканага түштү

Греция менен Түркиянын жээктерин бириктирип турган Эгей деңизинде күчтүү жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазат. АКШнын Геологиялык кызматы маалымдагандай, зилзаланын күчү 6,7 баллга жеткен. Жер титирөөнүн аймагы Түркиянын Бодрум курорттук шаарынын түштүк-батышынын 10,3 чакырымынан Грециянын Кос аралынын 16,2 чакырым аралыгында катталган дешүүдө. Ал эми очогу болсо деңиздин 10 чакырым тереңдигинде орун алганы болжолдонду.

Европалык Жер Ортолук деңизи сейсмологиялык борбору маалымдагандай, жер титирөө жээктерден анча чоң эмес цунаминин пайда болушуна алып келген. Ошол себептен аталган борбор элди кумдуу жээктерден алыс жүрүүгө чакырды.

Маалыматтарда белгилүү болгондой, Грецияда жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 2 адам. Дагы 100дөй адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Ал эми Түркиянын Мугла шаарынын мэри Осман Гүрүн шаардын бир нече адамдары жаракаттар менен ооруканаларга түшкөнүн кабарлады. "Бизде бир нече адам ооруканага жаткырылды. Айрымдары катуу жер силкинүүдөн дүрбөлөңгө түшүп, бийик терезелерден секирип кетишкен. Кабат үйлөрдүн тепкичтерине кулап түшкөндөр да бар", - деген маалыматын жазат "РИА Новости". Ал эми жер титирөөнүн очогуна жакын жайгашкан Бодрум шаарында 70ке чукул адам ооруканага түшкөн.

Жер титирөө 20-июлдан 21-июлга караган түнү Түркиянын жергиликтүү сааты боюнча 01:31 чамасында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aman97kg
2017-07-21 08:55:28
Кудай сактасын
+2
zz2013zz
2017-07-21 11:01:21
Табигый кырсыктан АЛЛАХым сактасын
+1
saltanat.
2017-07-21 11:06:38
Жер титирөө түнкү 2 ден баштап болуп жатыптыр, азыр дагы болуп жатат дейт подружкам. Ал так гана ошол Бодрумда деңиз жээгинде эс алып жатышкан. Элдин баары паника, ыйлаган адамдар дейт. Азыр майда жер титирөө болуп жатат дейт. ((((
0
tynara81
2017-07-21 12:03:32
6-7 баллга аябай эле кыйраптыр го. Кудай сактасын! Кыргызстандын 80% жеринде 9 баллдан ашуун жер титирөө болушу күтүлөт дегенди окугандан бери жүрөгүм тынч эмес ((. Кудай сактасын! Тынччылык болсунчу!
+1
sara91
2017-07-21 12:05:54
Аллах озу сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан