Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзү. 1-бөлүк

Эртең, 19-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралат. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Мага каршы козголгон кылмыш иши - мыйзамсыз, айыптоо - негизсиз

- 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаева мага каршы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы прокурордун бул аракетин мен төмөнкү негизде мыйзамсыз деп эсептейм:

2016-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Конституциясына референдум аркылуу өзгөрүүлөр кирген. Аларга ылайык, прокуратуранын ыйгарым укуктары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Конституциянын 104-беренесинин 6-пунктуна ылайык, прокуратура тизмеси атайын Конституциялык мыйзам менен аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына гана кылмыш ишин козгой алат. Андай мыйзам азыркыга чейин кабыл алына элек. Мыйзамдын долбоору 2017-жылдын 18-апрелинде гана Жогорку Кеӊешке келип түшкөн. Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде: "Конституциялык мыйзамдын ушул долбоору 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган, 2016-жылдын 8-декабрындагы №218 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өзгөртүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеӊешинин 2016-жылдын 4-июлундагы №3-чечими менен жактырылган, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ №161-жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралардын комплексин аткаруу үчүн реалдуу негиздерди түзүүгө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан", - деп айтылган.

Ушунун өзү атайын мыйзам кабыл алынбаса, Конституцияга каршы болгон Кылмыш процессуалдык кодекстин (КПК) жана башка мыйзамдардын нормалары иштебейт дегендикти билдирет.

Демек, башкы прокуратура мага каршы мыйзамсыз иш козгогон.

303-берене коррупция жөнүндө. Коррупция – кызматтык кылмыштарга кирет

- Мени кызматтык кылмышка айыпташ үчүн Башкы прокурор, мен кайсы конкреттүү бийликтеги ыйгарым укугумду, качан, кантип пайдаланып, кайсы конкреттүү чечимди кабыл алганымды, ал чечим Башкы прокурор кылмыш деп жаткан окуяга кандай түздөн-түз байланышы бар экенин көргөзүшү керек эле. Бирок Башкы прокурор алардын бирин да көрсөтө алган жок.

Мен, Өмүрбек Текебаев Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөсү катары кандай бийлик ыйгарым укуктарга ээ элем жана аларды Башкы прокурор айыптап жаткан кылмышта пайдалана алат белем?

Анализдеп көрөлү:

2010-жылдын 7-апрелинде өзүнүн №1-Декрети менен Убактылуу Өкмөт түзүлгөнүн жарыялады. Декретке ылайык (2-п.), "Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө бекитилип берилген ыйгарым укуктар менен милдеттер Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнө жүктөлөт".

Убактылуу Өкмөт 14 мүчөдөн турган, коллегиалдык орган болгон (Убактылуу Өкмөтүнүн Регламентинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн). Убактылуу Өкмөттүн иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Регламенти менен аныкталган. Регламент 2010-жылдын 10-апрелинде кабыл алынган.

Регламенттин 8-пунктуна ылайык, Декреттер Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн 2/3синин добушунан кем эмес добуш менен кабыл алынат.

Ошентип Убактылуу Өкмөттүн атынан анын эч бир мүчөсү, жадакалса төрагасы да чечим кабыл ала алмак эмес.

Ошол эле убакта Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрү аткаруу бийлигинин органдарында, министрликтерде, комитеттерде жана башка административдик ведомстволордо жетекчи кызматтарды ээлеп турушкан. Алардын бийлик ыйгарым укуктары Конституция, мыйзамдар жана өкмөттүн тиешелүү токтомдору менен аныкталган.

Мисалы, Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев 15 министрлик, административдик ведомстволордун иштерин тескеп, көзөмөлдөп турган. Ошолордун ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министрлигин дагы.

Мага, Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын орун басары катары:

- Конституциялык реформаны өткөрүүнү камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишин координациялоо милдети жүктөлгөн.

Өзгөчө белгилей кете турган жагдай:

Убактылуу Өкмөттүн, анын мүчөлөрүнүн бийлик ыйгарым укуктары убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турган.

2010-жылдын 19-майында Убактылуу Өкмөттүн "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө" №39-Декрети кабыл алынган.

Ал Декреттин 4-пункту менен өткөөл мезгилдеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы Роза Исаковна Отунбаевага таандык кылынган. 5-пункту менен Роза Исаковна Отунбаевага Кыргыз Республикасынын президентинин жана премьер-министринин ыйгарым укуктары берилген.

2010-жылдын 27-июнундагы референдум менен жаңы Конституция кабыл алынып, 13-июлда "техникалык" деп аталган өкмөт түзүлгөндөн кийин, Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн, ошолордун ичинде менин да ыйгарым укуктарым азайган. Убактылуу Өкмөт президенттин, өкмөттүн ыйгарым укуктарын жоготуп, мыйзам чыгаруучу гана орган болуп, Жогорку Кеңештин милдетин аткарып калды.

Мыйзам чыгаруучу Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары менде кандай бийлик, ыйгарым укугум болгон? Убактылуу Өкмөттүн Регламентинде көргөзүлбөгөн, бирок иш жүзүндө төмөнкү укуктар гана болгон: сунуш киргизүү, талкууда сөз сүйлөө, добуш берүү.

Мыйзам чыгаруучу Убактылуу Өкмөттүн мүчөсүн Жогорку Кеңештин депутаты катары караса болот. Конституцияга, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөгү" Конституциялык Мыйзамга ылайык, депутат эркин добуш берет жана добуш бергенине жооп бербейт.

Конституцияга ылайык, мамлекеттик мүлктү өкмөт башкарат.

Убактылуу Өкмөттүн чечимине ылайык, мамлекеттик мүлктү башкаруу Алмазбек Атамбаевге жана Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлгөн.

2010-жылдын 7-апрелинен 12-июнуна чейин Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын орун басары катары мага Конституциялык реформа жүргүзүү, Юстиция министрлигинин ишин көзөмөлдөө милдеттери жүктөлгөн. Убактылуу Өкмөттүн Төрагасынын орун басары болуп туруп кайсы укугумду, бийлигимди пайдаланып, кандай чечим кабыл алып, башкы прокурор айткан кылмышты жасадым?

Бул суроого башкы прокурор бүгүнкү күнгө чейин жооп бере албайт.

2010-жылдын 12-июлунан кийин мен мыйзам чыгаруу органынын мүчөсү гана болуп калдым.

2010-жылдын 12-июлунан кийин мен кайсы бийлик, ыйгарым укугумду, качан, кантип пайдаландым?

- Башкы прокуратурага дагы бир суроо: 2010-жылдын 12-июлунан кийин мен кайсы бийлик, ыйгарым укугумду, качан, кантип пайдаландым? Кандай жеке чечим чыгардым? Ал чечимдин "Альфа Телеком" ЖАКсына кандай тиешеси бар? Алардын мени айыптап жаткан кылмыш менен кандай байланышы бар?

Башкы прокуратура буга жооп бере албайт. Мага каршы факт, аргумент жок экенин түшүнүп, Башкы прокуратура фактыларды бурмалоо, жалган жалаа жабуу жолуна түштү.

Башкы прокуратуранын кээ бир жүйөлөрүнө көӊүл буралы: "Аталган убакта Ө.Ч.Текебаев Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөсү болуп туруп, кызматын 2010-жылдын 21-декабрына чейин, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн расмий таркатылышына чейин ээлеп келип, активдүү саясий иш жүргүзүп, мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууда, алардын ичинде мамлекеттик мүлктү жөнгө салуу маселелеринде уюштуруучулук-тескөөчүлүк мүнөздөгү чечимдерди кабыл алууга тикеден-тике катышкан. Мындан тышкары өзүнүн авторитетин жана бийлик ыйгарым укуктарын пайдалануу жолу менен өзүнүн жакын адамдарын мамлекеттик органдардын жетектөөчү кызматтарына дайындоого чара көргөн.

Тактап айтканда, Ө.Текебаевдин саясий авторитетинин таасиринен, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №6-буйругу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматына Б.Шерниязов дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги №16-буйругу менен Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп Д.Чотонов дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-апрелиндеги №35-буйругу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын директорунун милдетин аткаруучу болуп А.Шыкмаматов дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-апрелиндеги №54-буйругу менен Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп А.Салянова дайындалган, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-апрелиндеги №164-буйругу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин милдетин аткаруучу болуп Ш.Абдылдаев дайындалган.

Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын негизги мамлекеттик органдарынын биринчи жетекчилеринин жайгаштыруусу Ө.Текебаевге өзү жана анын таасири менен дайындалган адамдар аркылуу ар түрдүү өзүнө керектүү мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген".

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция 6-апрель күнү Талас облусунда башталган. Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) атынан Талас облусунда элдик курултай өткөргөнү барган Болот Шерниязовду бийлик камакка алат. Ага кыжыры келген эл жабыла көтөрүлүп, Болот Шерниязовду бошотконго аракет кылышат. Болот Шерниязовду бийлик Бишкекке алып келип, УКМКнын СИЗОсуна камайт. Койсун Курманалиева, Шералы Абдылдаев жетектеген эл бакиевчил губернаторду, министрлерди туткунга алып, облуста элдик бийлик орнотушат. Эгерде Таласта бул окуя болбосо, 7-апрелде Бишкекте Бакиевдин бийлиги кулашы күмөн эле. Таластыктардын эрдиги бүткүл Кыргызстанды шыктандырып көтөрдү. Эгерде Болот Шерниязов, Койсун Курманалиева, Шералы Абдылдаев болбогондо биз, мен жана Алмазбек Атамбаев экөөбүз азыркыга чейин Бакиевдин түрмөсүндө отурмакпыз.

2010-жылдын 7-апрелинде Убактылуу Өкмөт түзүлдү. Анын негизги составын Элдик курултайдын Борбордук комитетинин мүчөлөрү түздү. Борбордук комитеттин мүчөлөрү: Болот Шерниязов – Талас облусу боюнча координатор, Дүйшөнкул Чотонов - Ош облусу боюнча координатор, Алмамбет Шыкмаматов - Нарын облусу боюнча координатор болушкан. Айта кетчү маанилүү жагдай, Роза Отунбаева Борбордук комитеттин төрайымы болгон.

2017-жылдын 13-июлунда сотто Р.Отунбаева, Э.Каптагаев: "Убактылуу Өкмөттүн негизин 2010-жылдын 17-мартындагы Элдик Курултайда шайланган Аткаруу комитетинин мүчөлөрү түзгөн. Сырттан Абдыганы Эркебаев менен Элмира Ибраимова эле кошулган", - деп көрсөтмө берип, Башкы прокуратуранын Ө.Текебаев Б.Шер менен Д.Чотоновду Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү кылган деген бүтүмүн жокко чыгарышкан. Кийин сотто көрсөтмө беришкен Т.Сариев, И.Исаков, А.Бекназаров, Э.Ибраимова, К.Дүйшөбаев да ушундай эле көрсөтмө беришкен.

Ошентип, Б.Шерниязов, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов А.Атамбаевден кем эмес статуска ээ болушкан жана алган кызматтарына өз аракеттери менен жетишкен.

Ш.Абдылдаев мындай деп көрсөтмө берген: "Болот Шерниязовдун жардамы менен экөөбүз А.Атамбаевдин кабыл алуусунда болдук. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө А.Атамбаев менин билимимди сурады. Менин мамлекеттик мүлк министри болоюн деген оюм жок эле. Мен транспортникмин, Апрель революциясынан кийин Талас облусунда элдик губернатор болгом деп айттым". Мамлекеттик мүлк министри болуп Ш.Абдылдаев А.Атамбаевдин сунушу менен дайындалган (II том, 210-бет).

2017-жылдын 1-июлунда сотто Болот Шер: "2010-жылдын апрель айында Талас облусунда Элдик Курултайдын координатору мен болгом. Мен камалсам Ш.Абдылдаев менин ордумду басмак. Ш.Абдылдаев камалса, анын ордун К.Курманалиева басмак. Алар элдик революциянын жетекчилери болушкан. Ш.Абдылдаевди 2010-жылы 7-апрелден кийин А.Атамбаевге мен алып киргем", - деген. А.Бекназаров да 19-июлда сотто көрсөтмө берген, ал: "А.Шыкмаматовдун кандидатурасын А.Атамбаевге мен сунуштагам. А.Шыкмаматов Мамлекеттик каттоо кызматынын директорлугуна А.Атамбаевдин макулдугу, сунушу менен дайындалган. Ал эми Д.Чотоновдун кандидатурасын да А.Атамбаевге мен сунуштагам. Кийин А.Атамбаев Д.Чотоновго өзү сунуш кылды", - деп көрсөтмө берди.

Ошентип, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү: Р.Отунбаева, А.Бекназаров, Т.Сариев, Э.Ибраимова, Б.Шер жана башкалар Башкы прокуратуранын Ө.Текебаев Б.Шерди, Д.Чотоновду, А.Шыкмаматовду мамлекеттик кызматтарга дайындаткан деген бүтүмүн сотто берген көрсөтмөлөрү менен жокко чыгарышты.

Башкы прокурор жогоруда айтылган адамдар аркылуу өзүмө керектүү мамлекеттик кайсы чечимдерди кабыл алдырганымды айта албайт, көргөзө албайт.

Башкы прокуратура мен добуш берген Убактылуу Өкмөттүн кайсы чечими мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет - айта да, көргөзө да албайт.

Башкы прокуратура мен добуш берген Убактылуу Өкмөттүн кайсы чечими «Альфа Телеком» ЖАКсына жана айтылган кылмышка тиешеси бар - айта да, көргөзө да албайт.

Башкы прокуратура Мамлекеттик мүлк министрлигинин же министр Ш.Абдылдаевдин «Альфа Телеком» ЖАКсына тиешелүү кайсы чечими, аракети мыйзамсыз жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет - айта да, көргөзө да албайт.

Жогоруда саналган Башкы прокуратуранын жүйөлөрү фактыларды атайылап бурмалаган кара ниет аракеттер экени көрүнүп турат.

(Уландысы бар)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurbollot
2017-09-18 18:22:40
шайлоодон кийин чыгарат эми чыгарса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан