Өмүрбек Текебаевге карата чыгарылган Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун өкүмү

16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Өкүмдү толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Кыргыз Республикасынын атынан өкүм

2017-жыл, 16-август.
Бишкек шаары

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту

Курамында:

Төрагалык кылуучу - Эрнис уулу Айбек

Сот отурумунун катчысы - Т.Замирбекова

Мамлекеттик айыптоочулар: Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурору - Н.Исраилов

КРнын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын прокурору - Ж.Ботабаев

Жактоочулар: Ч.Жакупбекова, К.Хасанов, И.Афиджанов, М.Эшперов, Б.Жумашев, Э.Чоноева

Котормочулар: Н.Дилдемуратов, З.Көчөрованын катышуусу менен ачык сот заседаниесинде:

1958-жылы 22-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун Акман айылында туулган, улуту кыргыз, Кыргыз Республикасынын жараны, мурун соттолбогон, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, үй-бүлөлүү, төрт балалуу, камакка алынганга чейин Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүнүн 111-үйүнүн 24-батиринде турган, бөгөт коюу чарасы катары 2017-жылдын 26-февраль күнүнөн тартып КРнын УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алуу тандалган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 303-статьясынын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо Текебаев Өмүрбек Чиркешович,

1967-жылы 2-октябрь күнү Ош облусунун Кызыл-Жар айылында туулган, улуту кыргыз, Кыргыз Республикасынын жараны, мурун соттолбогон, убактылуу иштебеген, үй-бүлөлүү, алты балалуу, камакка алынганга чейин Бишкек шаарынын Орто-Сай айылынын Ормокоев көчөсүнүн 11-үйүндө турган, бөгөт коюу чарасы катары 2017-жылдын 26-февраль күнүнөн тартып КРнын УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алуу тандалган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-статьясынын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевич айыпталган жазык ишин карап чыгып,

ТАПТЫ:

Соттолуучулар Ө.Текебаев жана Д.Чотонов өтө оор кызматтык кылмышты жасоодо айыпталышат, тактап айтканда:

2010-жылдын апрель айынан декабрь айына чейинки убакытта Ө.Ч.Текебаев Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары болуп иштеп туруп, бийлик ыйгарым укугуна ээ болуп жана жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы болуп туруп, активдүү саясий иш-аракет жүргүзүп жана мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууда тикеден-тике катышып, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Д.Т.Чотонов жана башка адамдар менен, укукка каршы туруктуу байланышта болуп туруп, материалдык дөөлөттөрдү алуу, ошондой эле алар тарабынан башка жеке адамдарга артыкчылыктарды берүү максатында, коомдун жана мамлекеттин таламдарына коркунуч келтирип, Россия Федерациясынын жараны Л.Маевскийдин өкүлдөрүн “Альфа Телеком” ачык акционердик коомунун башкаруусуна киргизгенге көмөктөшөбүз, кийин аталган компаниянын сатылган баасына жараша 10 же 15 пайызын түзгөн акча каражаттарын бересиң деп, Л.Маевскийден мыйзамсыз бир миллион АКШ доллар же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2010-жылдын август жана сентябрь айларынын ортоңку курсу менен 46 762 618 (кырк алты миллион жети жүз алтымыш эки миң алты жүз он сегиз) сом өлчөмүндөгү акча каражат түрүндөгү материалдык дөөлөттөрдү мыйзамсыз алып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын абийирине жана беделине шек келтирип, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузган.

Сот заседаниесинде соттолуучу Ө.Текебаев коюлган айып боюнча күнөөсүн моюнуна алган жок жана төмөнкүдөй көрсөтмө берди: 2010-жылы 23-24-августтарда ага Д.Чотонов телефон чалып, Россиядан инвесторлор келиптир, алар Россия Федерациясынын саясий жетекчилиги менен байланыштары бар экен, алар менен мамиле түзүш үчүн жолугуп койгула деп суранганына макул болуп, “Супара” ресторанына түшкө маал барып, ал жерден Л.Маевский менен жолугуп, ал менен сүйлөшүп, ага Кыргызстанда болуп жаткан саясий кырдаалдарды айтып берип, кетип калганын сентябрь айында Москва шаарына самолёт менен барганын, ал жерден Л.Маевский менен Т.Маматкеримов аны тосуп алганын, Т.Маматкеримов ал менен бир самолётто учуп барганын, бирок аны билбегенин, Москвадан Россия Федерациясынын саясий жетекчилиги менен жолугуп бүткөндөн кийин Л.Маевский аны өзүнүн офисине чакырганын, ал жерге барып бат эле кетип калганын, Т.Маматкеримов ал менен кошо бир самолётто учуп келгенин, Л.Маевский менен акча жөнүндө, “Альфа-Телеком” ЖАКсы жөнүндө сүйлөшпөгөнүн, Л.Маевский менен А.Модин алдап жатышканын, алардан эч кандай акча албаганын, ал эми бул иш болсо фальсификациянын негизинде куралган иш деп билдирди.

Сот заседаниесинде соттолуучу Д.Чотонов коюлган айып боюнча күнөөсүн моюнуна толугу менен алган жок жана төмөнкүдөй көрсөтмө берди: Т.Маматкеримов анын айылдаш таанышы болгонун, 2010-жылдын август айынын аяктарында Бишкек шаарынан бир кафеге кирип Т.Маматкеримовго жолугуп калганын, ал Л.Маевский менен отурганын, ал менен тааныштырып, Л.Маевский инвестор, Госдуманын мурунку депутаты, аны бул жактагы депутаттар менен жолугуштурушуп кой деп суранганда ал Ө.Текебаевге телефон чалып инвесторлор бар экен, Россиянын депутаттарын тааныйт экен, ошолор менен жолугуп коёсуңарбы деп суранганда ал макул болгонун, “Супара” ресторанында жолугуу болгонун, ал жолугушууга барбаганын, кийин Москва шаарына барганда Т.Маматкеримов ошол жактагы Л.Маевскийге жолугуп койгула, конок болуп кеткиле дегенинен анын офисине барып, ал жерде бир аз убакыт болуп кетип калганын, Л.Маевский менен А.Модин айтып жаткан бир миллион АКШ доллары жөнүндө укпаганын, Ө.Абдрахмановго бир миллион долларын алдык деп айтпаганын билдирди.

Күбө Л.С.Маевский сот заседаниесинде: 2010-жылдын 13-майында ал А.Модин жана Д.Чотонов болуп Ө.Текебаев менен анын Кыргыз Республикасынын Өкмөт имаратында жайгашкан кабинетинен жолугуп, “Мегаком” компаниясын сатып алуу боюнча ал өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана максаттары жөнүндө айтып бергенин, ошол эле күнү кечке жакын, ал өзү, А.Модин, Ө.Текебаев, Д.Чотонов жана Т.Маматкеримов болуп "Супара" ресторанынан жолугуп, Ө.Текебаев менен жеке сүйлөшкөндө Ө.Текебаев ага "Альфа Телеком" ЖАКсын башкаруусуна анын өкүлдөрүн киргизүүгө көмөк көрсөтүү үчүн, Л.Маевский которууга даяр болуп жаткан 1 миллион АКШ долларын ага берүүсүн сунуштаганын, 2010-жылдын июль айынын аягында алдын ала сүйлөшүлгөн сумманын бөлүгү катары А.Модинге 300 миң АКШ долларын Ө.Текебаевге жеткирип берүү үчүн бергенин, кийин Ө.Текебаев акчаны алдым деп айтканын, 2010-жылдын сентябрь айынын башында Ө.Текебаев Москва шаарына келгенде "Шереметьево" аэропортунан аны тосуп алганын, жолдон келе жатып сүйлөшкөндө Ө.Текебаев "Альфа Телеком" ЖАКсынын акцияларын сатып алуу керектигин терең ишендиргенин, эртеси күнү Ө.Текебаев Л.Маескийдин Москва шаарындагы офисине келип, аталган жерде анын өкүлдөрүн "Альфа Телеком" ЖАКсынын башкаруусуна киргизүүсү жөнүндө жана аталган компаниянын сатылган баасына жараша 10 же 15 пайызын түзгөн акча каражаттарын берүү жөнүндө сүйлөшүп кетишкенин,

2010-жылдын сентябрь айында Ө.Текебаевге калган акча каражаттардын өлчөмү жети жүз миң АКШ долларын талап кылынган 1 миллион АКШ долларынын бөлүгү катары алдын ала Ө.Текебаев менен чалышып жана анын өкүлү акча каражаттарды алууга ыйгарым укугу бар экендигин ырастап, Л.Маевскийдин офисине келген Ө.Текебаевдин өкүлүнө 700 миң АКШ долларга барабар болгон евро жана АКШ доллар валютасында болгон акча каражаттарын бергенин, эртеси күнү, Ө.Текебаев жана Д.Чотонов акча каражаттарын алганын ырасташканын, 2010-жылдын сентябрь айынын аягында, Л.Маесвкий Бишкек шаарына келип, Ө.Текебаев менен Бишкек шаарынын "Мимино" кафесинде жолугушканын, кафеге кирүүнүн алдында Ө.Текебаевдин талап кылуусу боюнча бардык уюлдук телефондор кафенин башка бөлүмүндө калтырылганын, себеби Ө.Текебаев сүйлөшүү жазылып калат деп коркуп Д.Чотоновдон "глушилкалар" иштетилгенби деп сураган. Д.Чотонов бардыгы кошулган, иштеп жатат деп жооп берген. Бул жолугушууда Л.Маевский, А.Модин, Д.Чотонов, Т.Маматкеримов жана Ө.Текебаев болгонун, аталган жерде ал Ө.Текебаевден акча каражаттарын кайтаруусун талап кылганын, сүйлөшүү убагында Д.Чотонов Ө.Текебаевге кайрылып, алты жүз миң АКШ доллары бар ал акчаны кайтарып бериш керек, калганын кийин беребиз деп айтканын, ал сөзгө Ө.Текебаев акчаны кайтарып берүүдөн баш тартып, анын дагы башка милдеттенмелери бар, аларды аткарыш экендигин билдиргенин,

2010-жылдын 21-декабрында Л.Маевский, Ө.Текебаевдин кабинетине келип, "Альфа Телеком" ЖАКсынын башкаруусуна киргизүү жөнүндө алган милдеттенмелерин аткарбай жаткандыктан алынган акча каражаттарын кайтарып берүүсүн талап кылганын, ошондо кабинетке Ө.Абдрахманов келгенин, ошол учурда, Ө.Текебаев манжасы менен төбөгө көрсөтүп, кабинетте сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жазуу жүргүзүлүшү мүмкүн деп айтканын, Ө.Абдрахманов столдун жанына келгенде, Ө.Текебаев аны "Мегаком" маселесин карай турган Кыргыз Республикасынын парламентинин депутаты катары тааныштырганын, андан кийин ал Ө.Абдрахмановго “Мегаком” компаниясынын акцияларын сатуу чечимин иштеп чыгууну тапшырганын, буга Ө.Абдрахманов өз макулдугун берип, жана ошол эле багыттагы иш алып баргандыгынын жыйынтыгы жөнүндө айтып берем деп убадасын бергенин, сүйлөшүүлөр бүткөн соң катышуучулардын баары Ө.Текебаевдин кабинетинен чыгып кеткенин, бирок ал Ө.Текебаев менен жалгыз калганда Ө.Текебаев аны коркутуп, ал башка өлкөдө экендиги жөнүндө эстетип, акча каражаттарын кайтарып берүүдөн жана Кыргыз Республикасына келүүдөн, ошондой эле телефон чалуудан баш тартсын деп эскертүү кылганын, эгерде ал баш тартпаса Москва шаарына келген соң, анын багажында баңгизаттары табылып калышы мүмкүн, анда камалып кетесиң деп коркутканын билдирди.

Күбө А.Н.Модин сот заседаниесинде төмөнкүдөй көрсөтмө берди: 2010-жылы Т.Маматкеримов "Альфа Телеком" ЖАКсын сатып алуусун сунуштаганын, ал Л.Маевскийге Т.Маматкеримовдун сунушун билдиргенин, ал сунуш аны кызыктырганын, 2010-жылдын май айында Л.Маевский өзүнүн жардамчылары Б.Звездарев жана С.Кутуков менен Бишкек шаарына келгенин, "4 сезона" кафесинде Т.Маматкеримовдун жардамы менен А.Модин жана Л.Маевский, Д.Чотонов менен таанышканын, андан кийин Өкмөт үйүнүн имаратындагы Ө.Текебаевдин кабинетине барганын, ал жерде Л.Маевский менен Ө.Текебаев уюлдук компанияны сатып алуучу Л.Маевскийдин мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашканын, ошол эле күндүн экинчи бөлүгүндө "Супара" ресторанында Л.Маевский, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Т.Маматкеримов жана А.Модиндин жолугушуусу улантылганын, ал жерден Л.Маевский менен Ө.Текебаев жеке сүйлөшүшкөнүн, бул жолугушуу аяктагандан кийин Л.Маевский ага "Альфа Телеком" ЖАКнын башкаруусуна өзүнүн өкүлдөрүн киргизиши үчүн Ө.Текебаев 1 миллион АКШ долларын талап кылганын билдиргенин, 2010-жылы июль айынын аягында Л.Маевскийдин экинчи келишинде "Хаят" мейманканасынын токтогон номеринде, 300 миң АКШ долларын алдын ала сүйлөшүлгөн суммасынын биринчи төлөмү катары Ө.Текебаевдин өкүлдөрүнө бериши үчүн ага бергенин, болжол менен 10 күндөн кийин Т.Маматкеримов аталган акча каражаттарын ага берүүсүн айтканын, А.Модин 300 миң АКШ долларын Т.Маматкеримовдун "Вефа-Центр" соода борборунун имаратындагы 6-кабатында жайгашкан офисине алып барып бергенин, алдын ала сүйлөшүлгөн суммадагы калган бөлүгү 700 миң АКШ долларды Л.Маевский тарабынан Ө.Текебаевдин өкүлдөрүнө А.Модиндин катышуусуз 2010-жылдын сентябрь айында берилгенин, 2010-жылдын сентябрь айынын аягында толук суммадагы акча каражаттары Ө.Текебаевдин өкүлдөрүнө берилгенден кийин, Ө.Текебаев өзүнө алган милдеттерин аткарбай жаткандыктан Л.Маевский анын себептерин аныктоо үчүн Бишкек шаарына келгенин, жолугушуу "Мимино" кафесинде өткөнүн, анын алдында байланыш түптөрүн басуу үчүн атайын каражаттары (глушилки) коюлганын, андан кийин кафеге Ө.Текебаев келгенин, жолугушууда Л.Маевский Ө.Текебаевден ал алган милдеттерин аткарбай жатканынын себептерин түшүндүрүүсүн талап кылганын, аягында Л.Маевский жана Ө.Текебаев экөө калышып сүйлөшкөнүн, жолугушуудан кийин Л.Маевский Ө.Текебаев алган акча каражаттарын кайтарбай коёт деп капа болгонун, 2010-жылдын декабрь айынын жыйырмаларында Л.Маевский кайрадан Бишкек шаарына келгенин, ал экөө Чүй проспекттеги Ак Үйдүн имаратындагы Ө.Текебаевдин кабинетине барганын, ал кабинетте Д.Чотонов жана Ө.Текебаев болгонун, сүйлөшүүнүн башында Л.Маевский өзүнүн талаптарын айтып баштап, өзүнүн нааразычылыктарын айтып жаткан учурда Ө.Текебаевдин чакыруусу боюнча кабинетке Ө.Абдрахманов кирип келгенин, анын катышуусунда Ө.Текебаев манжасы менен төбөгө көрсөтүп, бул жерде сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жазуу жүргүзүлүшү мүмкүн деп Ө.Абдрахмановду "Мегаком" маселесин карай турган депутат катары тааныштырганын, андан кийин Ө.Абдрахманов кабинеттен чыгып кеткенин, Л.Маевский менен Ө.Текебаев болсо сүйлөшүүсүн улантышканын, чыкканда Л.Маевский акча каражаттарын кайтарып бергенден Ө.Текебаев баш тартканын билдиргенин көрсөттү.

Күбө Ө.Абдрахманов сот заседаниесинде: 2010-жылы декабрь айынын аягында, Ө.Текебаев Ө.Абдрахмановду орус бизнесмендери менен өтүүчү сүйлөшүүлөргө катышуусуна өз кабинетине чакырганын, Ө.Абдрахманов кабинетке кирген учурда ал жерде Д.Чотонов жана орус жарандары кабинетте болгонун, алардын бири катуу түрдө Ө.Текебаев өзүнө алган милдеттенмелерин аткарылышын талап кылганын, Ө.Текебаев болсо манжасы менен төбөгө көрсөтүп сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жазуу жүргүзүлүшү мүмкүндүгүн билдирип, алардын акырын сүйлөшүүсүн суранып "Альфа Телеком" компаниясынын 100 пайызын алып, анан беребиз деп, сөздү Ө.Абдрахмановго бул “Мегаком” компаниясынын маселелери менен иш алып барган депутат деп буруп, “Альфа Телеком” компаниясынын маселесин ушул киши чечет деп тааныштырганын, андан кийин ал чыгып кеткенин, бир нече күндөн кийин "Альфа Телеком" ЖАКсынын маселесин чечүү үчүн "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү орус тараптан акча каражаттарын алганы жөнүндө маалымат уккандан кийин, Д.Чотоновду чакырып, андан орустардан акча каражаттары алынганы чынбы деген суроого жок деп кетип калганын, бир нече күндөн кийин Ө.Текебаев аны "Мажор" кафесине чакырганын, ал жерде Ө.Текебаев, Д.Чотонов жана А.Шыкмаматов болгонун, сүйлөшүү учурунда Д.Чотонов, Ө.Абдрахмановго кайрылып, акыркы жолу калп айтып койдум, чынында орус жарандардан 1 миллион АКШ долларын алганбыз, ал партиянын чыгымдарына жумшалган деп айтканын, Ө.Текебаев болсо өзүн агрессивдүү алып, Ө.Абдрахмановго партиянын каржы иштерине кийлигишпе деп айтканда ал менен урушуп кетип калганын билдирди.

Күбө А.Базаркулов сот заседаниесинде: ал Т.Маматкеримов менен достук мамилелерде болуп, 2010-жылы жайында өз ара орус бизнесмендеринин өкүлдөрү А.Модин жана башкалар “Альфа Телеком” жабык акционердик коомун басып алып, башкы директору А.Силичти алмаштыруу үчүн Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов, Т.Маматкеримов жана К.Байболов менен 3-4 белгиленген жолугушууларга катышканын, Т.Маматкеримовдун айтуусу боюнча Орусия жарандары акча каражатын кайтарып берүүсүн талап кылганын укканын, берилген акча каражатынын суммасы белгисиз, бирок анын болжолу боюнча бул сумма 1 миллион АКШ долларын түзгөнүн, ошолорду Ө.Абдрахманов өзүнүн айтууларында көрсөткөнүн билдирди.

Күбө Р.А.Оңолбековдун сот заседаниесинде: Иш боюнча жагдайларды Т.Маматкеримовдун сөзүнөн гана билгенин, өзү жолугушууларга катышпаганын, Т.Маматкеримовдун айтымы боюнча, 2010-жылдын аягында же сентябрь айында Т.Маматкеримов “Ата Мекен” партиясынын шайлоо алдындагы карата ишин жүргүзүү үчүн жана А.Модинди “Мегаком” компаниясынын жетекчилигине коюу үчүн А.Модинден 500 миң евро алганын, ал акча кимге берилерин өзү билбегенин, 2010-жылдын август айынын аягында же сентябрь айынын башында Т.Маматкеримов Ө.Текебаев менен бирге Орусиянын Москва шаарына, А.Модинди “Мегаком” компаниясына жетекчилик кызматына коюу үчүн А.Модиндин ошол Россия жарандары катарындагы бизнес шериктештери менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн учушканын, ошондой эле А.Модин аны Л.Маевский менен тааныштырып, жолугуштурганын Л.Маевскийди жана анын тобун “Мегаком” компаниясы тууралуу суроолор боюнча бир нече ирет жолугуп жана телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

Күбө Н.В.Самсонкинанын тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүнө ылайык: 2010-жылы ал “Бизнесоценки” жоопкерчилиги чектелген коомунда катчы болуп иштеген, анын жетекчиси Л.Маевский болгон. 2010-жылы Москва шаарындагы Калошин переулогунун 4-үйүнүн 4-кабатында жайгашкан ашканага Кыргыз Республикасынан 6-7 адамдардан турган делегация келген. 2010-жылы күзүндө Л.С.Маевскийдин буйругу менен бир белгисиз адам менен болжолу 500 (беш жүз) миң евро акча каражаттарын саноодо катышканын, 700 (жети жүз) миң долларга барабар болгонун, ошол акчаны анын катышуусунда ошол белгисиз адамга берилгенин, ал адам жогоруда айтылган Л.С.Маевскийдин офисине келген Кыргыз Республикасынан делегациянын курамында болгонун, ошондой эле 2010-жылы жайында Л.С.Маевскийдин буйругу менен 300 (үч жүз) миң АКШ доллар акча каражаттарын санаганын, андан соң Л.С.Маевскийдин сөзүнөн ал Кыргыз Республикасында телекоммуникация чөйрөсүндө кандайдыр бир дөөлөттөрдү алыш үчүн, Кыргыз Республикасында бир адамга берип жибергенин, ошол мезгилде Л.Маевскийдин аталган чөйрөдө бизнеси бар болчу (5-т., и.б. 135-139).

Күбө Ж.С.Ташматованын тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүнө ылайык: Т.Маматкеримов анын күйөөсү болгон, ал 2014-жылы боор циррозунан каза болгон. Т.Маматкеримов 2010-жылы “Алтынкен” ЖЧКда иштеген, анын офиси “Вефа-Центр” имаратында жайгашкан. Т.Маматкеримов жана Д.Чотонов жердеш болуп туруп, тыгыз байланышып жолугушуп турушкан. Д.Чотонов тез-тез Т.Маматкеримовдун офисине жана үйүнө келчү. 2010-жылы болжолу август айынын аягында же сентябрь айынын башында Т.Маматкеримов Ө.Текебаев менен чогуу Москва шаарына учуп барган. Алардын баруусу көпкө созулган эмес, болжолу бир сутка болгон, ал учуп кетип кайра эртеси күнү кайтып келген. Москва шаарына анын күйөөсү Ө.Текебаев менен баруусу “Мегаком” маселесине тиешелүү болчу. Күйөөсүнүн сөзүнөн ага белгилүү болгондой, Д.Чотонов, Ө.Текебаев жана анын күйөөсүнүн өз ара мамилелери “Мегаком” уюлдук компания тууралуу болчу. Демек, алардын бардык өз ара аракеттери бир орустар тууралуу болчу, аларды ал тааныбайт, бирок Т.Маматкеримовдун алар менен түз байланышы бар болчу, 2010-жылы кандайдыр бир себептери менен орус жарандары менен тааныш болуп, алар “Мегаком” компаниясы тууралуу кызыгып, ошону менен ага Д.Чотонов менен орус жарандарын тааныштыруу жана жолугушуусун уюштурууну жүктөгөн. Ага белгилүү болгондой, 2010-жылы болжолу жай мезгилинде, анын күйөөсү “Супара” кафесинде жолугушууну уюштурган. Ал жолугушууда орус жарандары, Д.Чотонов, Т.Маматкеримов жана Ө.Текебаев болгон. Күйөөсүнүн сөзүнөн “Мегаком” маселеси тууралуу орус жарандардын Д.Чотонов жана Ө.Текебаев менен биринчи жолугушуусу болгон (т.4, и.б.80-84).

Күбө Б.Айдакееванын тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүнө ылайык: 2010-жылы ага Ө.Абдрахмановдун жубайы катары, Бишкек шаарынын район аралык соттун төрагасынын К.Качкыналиеванын “Канат” аттуу уулу кайрылган, ал Ө.Абдрахмановго, “Мегаком” компания маселесин чечип, орус компаниясына көмөк көрсөтүү үчүн 1 миллион АКШ долларын сунуштаган (т.4, и.б.71-74).

Күбө К.Абытанов сот заседаниесинен: чынында Б.Айдакеева менен жолугуп Р.Рыкунованын өтүнүчү боюнча аларды жолугуштурганы үчүн сүйлөшкөнүн, бирок ал ага Ө.Абдрахмановго “Мегаком” компания маселесин чечип орус компаниясына көмөк көрсөтүү үчүн 1 миллион АКШ долларын сунуштабаганын, Б.Айдакеева өзү Ө.Абдрахмановго 1 миллион АКШ долларын бирөөлөр сунуштап жатышат деп айтканын билдирди.

Күбө С.Кутуковдун тергөө учурунда берилген көрсөтмөлөрүнө ылайык: ал А.Модин менен 2010-жылы май-июнь айларында, Л.Маевскийдин жана анын досу Б.Звездарев менен Бишкек шаарына келгенде, таанышкан. Л.Маевскийдин сөзүнөн Бишкек шаарына келүү максаты, “Альфа Телеком” ЖАКсы Л.Маевский сатып алмак. Жолугушуулардын бири Бишкек шаарынын четинде жайгашкан, улуттук колоритинде жасалган ресторанында өткөн. Кийин Л.Маевский ал жолугушуу “Альфа Телеком” ЖАКны сатып алуу боюнча өткөнүн түшүндүргөн. Акча каражаты боюнча, ким кимге бергенин же бербегенин билбейт (5-т., и.б.152-155).

Күбөлөр Д.Жуков жана М.Сидоренко сот заседаниесинде: 2010-жылы жайында, А.Модин аларга мүмкүн жакында ал, “Альфа Телеком” ЖАКсынын бир жетекчиси болуп калгандыгы жөнүндө билдиргенин, ошол ой ишке ашып калса, аны менен кошо “Альфа Телеком” ЖАКсына өтүү жөнүндө сунуш кылганын, бирок ал ой ишке ашпай калганын билдиришкен (6-т., и.б. 24-25, 27-30);

Күбө С.Бакиров тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүнө ылайык: ал 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк башкаруу министрлигинин статс-секретары кызматын ээлеген. 2010-жылдын апрель айынын аягында Ө.Ч.Текебаев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк башкаруу министрлигинин актовый залында жаңы министр Ш.И.Абдылдаевди көрсөткөн. 2010-жылы сентябрь айына чейин “Альфа Телеком” ЖАКнын акция ээлеринин жалпы чогулушу өткөн эмес, ошого байланыштуу, аталган компаниянын 51% акциялары мамлекеттештирилгенден кийин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк башкаруу министрлиги бир топ жолу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына акция ээлеринин кезексиз чогулушун өткөрүү тууралуу кайрылуу жасаган, бирок жооп келген эмес. Коомдун директорлорунун Кеңешин, Башкармалыгынын жана коомдук ревизору кызматтарын түзүүгө, талапкерлери чөйрө министрлиги – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинен берилгендигин көрсөткөн, бирок фамилияларын айта албай койгон. 2010-жылы сентябрь айында өз алдынча Кыргыз Республикасынын мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу фонду түзүлгөн. Аны А.Мурзалиев жетектеди жана “Альфа Телеком” ЖАКсы боюнча кийинки ишти аталган фонд аткарган (7-т., и.б. 85-90, 153-155).

Күбө К.А.Кадырбеков 2010-жылы жайында ал убактылуу жумушсуз калганын, Т.К.Маматкеримов менен жолукканда, ал “Альфа Телеком” ЖАКсына ревизор кызматына иштөөгө сунуш кылганын, ага макулдугун бергенин, бирок бул мүмкүнчүлүк ишке ашпай калганын билдирген.

Күбө И.А.Черный сот заседаниесинен: ал 2012-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк башкаруу мамлекеттик комитетинде иштегенин, “Мамлекеттештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөттүн декреттерин аткаруу тууралуу А.Г.Силичтин атына “Мегаком” компаниясынын Уставына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жана кезексиз акция ээлеринин чогулушун өткөрүү, ошондой эле директорлордун Кеңешин жана компаниянын ревизорун шайлоо тууралуу кайрылууларын (каттарын, суроо-талаптарын) даярдаганын билдирди.

Күбө Н.Байсынов сот заседаниесинде: ал 2008-жылдан 2012-жылга чейинки мезгилинде, Кыргыз Республикасынын ӨКМ Кадрлар башкармалыгын башкаруучу кызматын ээлегенин, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын ӨКМ борбордук аппараты Ош шаарына көчүрүлгөн. 2010-жылы апрель айындагы белгилүү окуялардан кийин, Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Д.Т.Чотонов дайындалган, ал болжолу менен 2010-жылдын аягына - 2011-жылдын башына чейин бул кызматты ээлегенин, аталган убакытта Кыргыз Республикасынын ӨКМ башчысы Д.Т.Чотонов Ош шаарынан Бишкек шаарына барып келгенин, кайсы убакытта кайда болгонун эстей албаганын билдирди.

Күбө Н.Абдрахманов сот зеседаниесинде: ал 2010-жылы Ө.Ч.Текебаевдин жан сакчысы болуп, анын жеке коопсуздугун камсыз кылганын, 2013-жылдын 13-майында Ө.Текебаевдин жанында болгонун, ал күнү “Супарага” барбаганын, “Супарага” 2010-жылдын август айынын аяктарында барганын, Т.Маматкеримов тосуп алганын, ал жерден Л.Маевский менен жолукканын, кайра кайтканда Ө.Текебаев Москвага барабыз дегенин, Москва шаарында Ө.Текебаев менен бирге барганын, ал жерден Л.Маевский жана Т.Маматкеримов тосуп алганын билдирди.

Күбө К.Боронбаев сот заседаниесинде: 2010-жылдын 13-майында Ө.Текебаев жумуштар менен гана жүргөнүн, “Супарага” барбаганын, 2010-жылдын 21-декабрында Ө.Текебаев жумушка чыкпаганын билдирди.

Күбө Ж.Сапарбаев сот заседаниесинде: 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Ө.Текебаевдин кеӊешчиси жана "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болуп туруп Ө.Текебаевге саясий иштерине жардам көрсөткөнүн, 2010-жылы 13-май күнү Ө.Текебаевге эч ким кирбегенин, эртеӊ менен Р.Отунбаевада жыйналыш болгонун, андан кийин ПРООНго барганын, күндүз “Хаятта” тегерек стол өткөрүлгөнүн, саат 1лерде Ө.Текебаев үйүнө барып келгенин, кечинде партиялаштар менен жолугушуу болгонун, саат 17:40-18:00дө Конституциялык кеӊешме башталып, саат болжол менен 21ге чейин болгонун билдирди.

Күбө К.Байболов сот заседаниесинде: А.Базаркуловду биринчи жолу беттештирүү өткөрүлгөнүндө көргөнүн, ал айтып жаткан жолугушууларга катышпаганын билдирди.

Күбө А.Шыкмаматов биринчи жолу А.Базаркуловду беттештирүү өткөрүлгөндө көргөнүн, ал менен ага чейин жолукпаганын, "Обама" кафесинде жолукпаганын билдирди.

Күбө Д.Нарымбаев сот заседаниесинде: 2010-жылдын 13-майында “Хаятт” мейманканасында конституциялык кеӊешме өтүп жатканын, ал күнү Ө.Текебаев саат 9:00дө келип, саат 13:30да Убактылуу өкмөткө кетип калганын, кайра саат 18:00гө жакын келип катышып, 21:00гө жакын кетип калганын билдирди.

Күбө А.Салянова сот заседаниесинен күбө Д.Нарымбаев бергендей эле көрсөтмө берди.

Күбө Р.Отунбаева сот заседаниесинде: 2010-жылдын 13-майында эртеӊ менен саат 8:00дө оперативдик чогулуш өткөргөнүн, анда Ө.Текебаев катышканын, андан кийин саат 14:00дө дагы экстренный чогулуш болгонун, анда дагы Ө.Текебаев катышканын, ал саат 17:00гө жакын кетип калып кайра саат 22:00гө жакын келип, андан кийин саат түнкү 12ге чейин болгонун билдирди.

Күбөлөр Т.Сариев, Э.Ибраимова, И.Исаков, Э.Каптагаев, К.Дүйшөбаев күбө Р.Отунбаева бергендей эле көрсөтмө беришти.

Күбө А.Эркебаев сот заседаниесинде: ал 2010-жылдын 13-майында саат 15:00дөн 17:00гө чейин Р.Отунбаева жана Ө.Текебаев менен абройлуу аксакалдардын катышуусу менен коомдук чогулушка катышып, анда жогорку кызматтарга түштүктөн чыккан кызматкерлерди коюу маселеси каралганын билдирген.

Күбө А.Бекназаров сот заседаниесинде: 2010-жылдын 13-майында эртеӊ менен саат 8де Р.Отунбаева чогулушка келгенде Д.Чотоновдун бар-жоктугу эсинде жок экенин, ал эми Ө.Текебаев бар болгонун, анан саат 11де кетип калганын билдирди.

Күбө Ф.Кулов сот заседаниесинде: ал 2010-жылдын 21-декабрында Ө.Текебаевдин кабинетине барганын, бирок анын кабылдамасында отургандар ал жок экендигин айткандыгын, Ө.Текебаев ал күнү жумушка чыкпаганын, Ө.Текебаевге эртеси күнү жолукканын билдирди.

Күбөлөр А.Сасыкбаева, С.Нышанов, Н.Никитенко, Н.Исаков, Г.Джурабаева, К.Ташиев күбө Ф.Кулов бергендей эле көрсөтмө беришти.

Күбөлөр С.Борбашев жана Т.Эмилов сот заседаниесинде: 2010-жылдын август айынын аягында Ө.Текебаев менен “Супара” ресторанына барганын, ал жерден Маевский менен жолугуп сүйлөшкөнүн, бир миллион АКШ доллар акча жөнүндө сөз болбогонун билдиришти.

Күбө К.Матенов сот заседаниесинде 2010-жылы 13-майда кечинде И.Исаков жана Д.Чотонов болуп Ми-8 вертолету менен Ош шаарына учуп барганын билдирди.

Күбө К.Макеев сот заседаниесинде 2010-жылы 13-майда саат болжол менен 16-16:30 И.Исаков, К.Матенов жана Д.Чотонов ЮГУга вертолет менен учуп барганын билдирди.

Күбө Болот Шер сот заседаниесинде: 2010-жылдын 13-майында эмне болгонун айтып бере албарын, анткени ал учурда ал дарыланып жатканын, ал эми 2010-жылдын 22-декабрында Чоң-Арыкта “Алтын-Ордо” кафесинде отуруп Ө.Текебаевге туулган күнүн белгилегенин билдирди.

Күбө Д.Мамытова сот заседаниесинде: ал “Ата Мекен” фракциясынын секретариатынын ага кеңешчиси болорун, 2011-жылдын январь айынын аягында, февраль айынын башында Ө.Текебаевдин кабылдамасына киргенде Ө.Абдрахманов кабинеттен чыкканын көргөнүн, ошол убакытта Ө.Текебаевдин кабинетинде Москва шаарынан меймандар отурганын укканын, 2010-жылдын 21-декабрында Ө.Текебаев жок болгонун, ал эми 22-декабрда келгенин, бирок кайсы убакытта кеткенин эсинде жок экенин билдирди.

Күбөлөр Б.Калпетов жана З.Адамов сот заседаниесинде: 2010-жылдын 13-майында саат болжол менен 10-11 чамаларында Д.Чотоновду Өкмөт үйүнө алып барганын, ал жерде саат 16га чейин болгонун, андан кийин 17-17:30да вертолет менен Ош шаарына учуп кеткенин билдиришти.

Күбөлөр А.Сукенов жана Э.Алымкулов сот заседаниесинде: алар, 2010-жылы 13-май күнү Ө.Текебаев менен жүргөнүн, эртең менен саат 8:30-9дарда “Хаятта” болгонун, 12:30да үйүнө кирип, ал жерде 15 мүнөттөй болуп Өкмөт үйүнө барганын, ал жерде 17:30га чейин болгонун билдиришти.

Күбө Э.Исаков сот заседаниесинде Ө.Текебаев жана Д.Чотонов менен жумуш боюнча тааныш экендигин, А.Модинди тааныбаганын, иш боюнча эч нерсе түшүндүрүп бере албай турганын билдирди.

Күбө Э.Уметалиев сот заседаниесинде 2010-жылы КРнын экономикалык өнүктүрүү министри болгонун жана транзит рейси менен Москва шаары аркылуу Европага учуп барып, кайра кайтып келгенин, Д.Чотонов ал менен кошо бир самолёт менен учуп барып кайта келатканда ошол эле самолёт менен учуп келгенин билдирди.

Соттолуучулар Ө.Текебаев жана Д.Чотонов күнөөлөөрүн моюнуна албаганына карабастан, алардын күнөөлөрү төмөндөгү далилдер менен толук далилденет, тактап айтканда:

2014-жылдын 14-февралында окуянын кырдаалын, жагдайларын кайталоо жана көрсөтүүлөрдү жеринде текшерүү протоколу жана видеотасмасы менен, алардын ичинде күбө А.Модин Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнө, “Хаят” мейманканасына жана “Вефа-Центр” соода борборуна баруу менен өзүнүн тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүн тастыктады (1-т., и.б.49-55),

“Аруу Жылдыз” ЖЧКсынын жообу (келишимдин көчүрмөсү) менен, анда “Алтынкен” ЖЧКсына “Вефа-Центр” соода борборунда ижарага жай берилгени көрүнүп турат (1-т., и.б.70-74),

Адамды сүрөтүнөн таануу протоколдору менен, аларда күбө А.Модин соттолуучулар Ө.Текебаевди жана Д.Чотоновду, ошондой эле Ө.Абдрахмановду жана Т.Маматкеримовду тааныган (1-т., и.б.81-84, 85-88, 89-92, 93-96),

Адамды сүрөтүнөн таануу протоколдору менен, аларда күбө Л.Маевский соттолуучулар Д.Чотоновду жана Ө.Текебаевди, ошондой эле Ө.Абдрахмановду жана Т.Маматкеримовду тааныган (1-т., и.б.115-117, 118-120, 121-123,124-126),

Адамды таануу протоколдору жана видеотасмалар менен, аларда күбө Ө.Абдрахманов күбөлөр А.Модин жана Л.Маевскийди тааныган (1-т., и.б. 171-173, 174-177),

Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитилген ыйгарым укуктарын жана милдеттерин, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө жүктөлгөнү жөнүндө, 7.04.2010 жылдын УӨ №1-Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөттүн Декретинин көчүрмөсү менен (т.2, и.б.1-3),

Ө.Ч.Текебаев, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрөгасынын орун басары кызматына дайындалуу тууралуу, 7.04.2010 жылдын УӨ №4-Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөттүн “Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрөгасынын орун басарлары кызматына дайындалышы” жөнүндөгү буйруктун көчүрмөсү менен (т.2, и.б.4),

Д.Т.Чотонов, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрдин милдетин аткаруучу катары дайындалуу тууралуу 8.04.2010 жылдын УӨ №16-Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөттүн “Д.Т.Чотонов тууралуу” буйруктун көчүрмөсү менен (т.2, и.б.9),

Д.Т.Чотонов, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалуу тууралуу, 14.07.2010 жылдын УП №30 Кыргыз Республикасынын Президентинин “Д.Т.Чотонов тууралуу” указдын көчүрмөсү менен (т.2, и.б.10),

2010-жылы Д.Т.Чотоновдун Россия Федерациясынын Москва шаарына учкандыгы тууралуу талдоо жана кыскача жүктөө маалыматтардын көчүрмөсү менен (т.2, и.б. 172-183),

2010-жылы Ө.Ч.Текебаев Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүндө, №306 ээлеп отурган кабинет тууралуу, Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Өкмөттүн Башкармалыгынын иштеринин жообу менен (т.2, и.б. 190),

2010-жылы 7-апрелинде мамлекеттик бийлик Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөткө өткөндүгү жана 2010-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүн таркатуу тууралуу архивдик иш кагаздардын көчүрмөлөрү менен (т.2, и.б 192-199),

Л.Маевскийдин уюлдук телефону аркылуу Кыргыз Республикасынын жашоочуларынын уюлдук телефондору менен байланышуу тууралуу маалыматтар менен (т.2, и.б. 231-232),

2010-жылы Л.Маевскийдин жана анын кол астындагы кызматкерлердин рейстери тууралуу, ошондой эле А.Модин, Ө.Текебаевдин жана Д.Чотоновдун кыскача жүктөө маалыматтардын (авиапассажирдик манифестердин) көчүрмөлөрү менен (3.т., и.б. 2-133, 152-173),

Л.Маевскийдин “Хаят Ридженси Бишкек” мейманканасында убагында жашаган тууралуу маалымат менен (т.4, и.б. 77-78),

Т.Маматкеримовду телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн, “О” (“Нур Телеком” ЖЧК) уюлдук оператордун табуляграммалары менен (т.4, и.б. 124-125),

2017-жылдын 18-мартында түзүлгөн кароо протоколу менен (т.4, и.б. 130-144),

Москва ш. “ВТБ-24” банкынын Л.С.Маевскийдин өздүк эсеп счётунан көчүрмөсү менен (5.т, и.б 53-59),

Эл аралык “Манас” аэропортунун авиарейстердин тартибинин көчүрмөсү менен (5-т., и.б.122-126),

Адамды сүрөтүнөн таануу протоколу менен, анда күбө Н.В.Самсонкина Ө.Текебаевди тааныган (5-т., и.б 140-143),

2010-жылы 1-майынан 31-декабрына чейинки Т.Маматкеримовдун жана башка адамдар ортосундагы уюлдук телефону аркылуу байланышуу жөнүндө маалымат менен (6-т, и

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Azatbek83
2017-09-20 00:20:58
Кыйраттынар жакынкы кунго озунорго да буйрук чыгарып албапсынар!
+6
mir777
2017-09-20 10:11:58
Azatbek83,+
+1
Kairat.96
2017-09-20 00:27:44
Уууух окуп чыккыча башым айланып кысылып кеттим го
+4
Gulnaz.GS
2017-09-20 01:35:06
Kairat.96,терпениен кучтуукен баарын окуп чыксан
+5
Gulnaz.GS
2017-09-20 01:33:49
кыскасы не болду канча жылга камалды
+4
eldiyarmacho
2017-09-20 08:16:43
Gulnaz.GS,88жылга))
+2
grace
2017-09-20 02:41:23
Ушул Эрнис уулу Айбек деген соттун Текебаевдин сотунан кийин бетинин бир жагы кыйшайып, диртилдеп дарыланса да ордуна келбей калыптыр. Калпты көп айткан го сыягы...
+7
padysha
2017-09-20 03:11:03
Олоор эчки койчунун таягына суйконот болуп турда.Шамал болбосо чоптун башы кайдан кыймылдайт куноосу барбы олтурсун жон адам сегиз жылга эркининен ажырабайтта. Элге кыйын болуп суйлоп койсо ааа кыйын экен деп калчы эле.Чакылдаган текени суу кечкенде королу болуптур.
-2
Xanisha
2017-09-20 05:11:15
Туура эле чечим сегиз жыл буларга еще аз...
-11
muni.98-98
2017-09-20 07:00:15
Xanisha,Туура баарын камаш керек
+3
bekhaliev
2017-09-20 06:11:51
Супер инфо зерикпей жазып чыктынарбы
-1
Aidani
2017-09-20 06:33:47
Шаардык сотко арыз беришпеди беле, бул окум качан эле чыгып 8 жылга кесилди эле го шаардык сотто эмне кеп ошондон суйлогуло Супер инфо
-4
admin_superstan
2017-09-20 09:35:37
Aidani, саламатсызбы! Бул жерде райондук соттун чечими толугу менен берилди.
0
eldiyarmacho
2017-09-20 08:31:32
Кыскасы Жалган жалаа менен камаштыда ((((

Каяктагы бир орустун тилине кирип ал ким өзү ушерде биздин өлкөбүздүн алсыздыгы деңгели жоктугу закон иштебештиги бүт дуйного билинип калды шерменде эми любой дурак келип менден мынча миң акча алган десе ошонун сөзүн угуп камайт экен да



Шантажыңар МЕНЕН жерге кирип кеткиле ((((((((
+3
friendwipkg
2017-09-20 08:32:31
Шайлоо бүткөндөн кийин 8күндөн кийин кайра чыгарышат.
+5
Crokus
2017-09-20 09:13:04
C Жээнбековдун лицосун корсом ХХХХ ужас биздин олко экинчи Украина болуп калдыго
+3
KIRA.
2017-09-20 22:00:13
окуп жатып башым ооруп кетти,Текебаев негизи жегени ачык болуптур да,жазасын алсын,Акаевдин убагынан бери эле келатат,бир кыйраткан иши жок,Атамбаев молодец кеткиче жеп-ичкендерди тазалап кет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан