Жээнбеков: "Биринчи жарлыгым Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатырын" берүү болот"

"Биринчи жарлыгым Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамынын эң жогорку артыкчылык даражасына “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин берүү болот", - деп бүгүн, 24-ноябрда президенттик кызматка киришүү аземинде Сооронбай Жээнбеков убадалады.

"Алмазбек Шаршенович, сиз эң жогорку наамга татыктуусуз. Сиз президенттикти өз ыктыярыңыз менен өткөрүп жатасыз. Сиз баштап берген көч жолун улайт", - деди жаңы президент.

Муну уккан Атамбаев көзүнө жаш алганы байкалды.

Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө жеке сиңирген эмгеги, Кыргыз Республикасынын эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматына баатырдык эрдик жасагандыгы үчүн ыйгарылат. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамга “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылат.

1996-жылы негизделген бул наам ушул убакытка чейин 20дан ашуун жарандарга берилген. Алардын арасында Абсамат Масалиев, Дооронбек Садырбаев, Исхак Раззаков, Төлөгөн Касымбеков, Турдакун Усубалиев, Чыңгыз Айтматов жана башкалар бар.

Жээнбеков: "Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Баатыры” сыйлыгына татыктуу"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан