ИИМ Академиясынын курсантынын айтымы боюнча, жардыруучу зат тууралуу маалыматты Дүйшөнбек Зилалиев айткан. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
Сулаймановдун айтымында, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жардыруучу зат коюлган деген жалган маалымат боюнча материалдарды текшерүүгө алып, 1-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен кылмыш ишин козгогон.
Учурда эки тараптын көрсөтмөлөрү козголгон кылмыш ишинин негизинде текшерилүүдө.
Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ Академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Ошондой эле аталган басылма "бомба" тууралуу маалыматты учурдагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев тамаша катары айтканын жазды.
Ал эми Дүйшөнбек Зилалиев SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин айтты.