Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди 3 жылга шарттуу соттогон Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Шаардык сот мындай чечимди бүгүн, 15-январда кабыл алды.
Зилалиевге 2017-жылдын 1-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен иш козголуп, 2018-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту шарттуу түрдө 3 жылга соттогон. Буга жактоочулары макул эместигин билдирип, шаардык сотко арыз менен кайрылышкан болчу.