Зилалиев сотто: "Мен курсант кызга эскертүү эмес, комплимент айткам"

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Анда сот Зилалиевден ошол убакта кайсы кызматты аркалап жатканын жана бирөөгө эскертүү айтуу укугу бар же жок экенин сурады. Зилалиев формачан кызга эскертүү эмес, комплимент айтканын жана ал учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунда төрага болуп иштегенин билдирди. "Айтматов атындагы көчөдө кетип баратканбыз, ал жерде автоунааны токтотууга тыюу салынган. Жол чырактын кызыл түсү күйгөнү үчүн токтогонбуз, атайын токтогон эмеспиз. Өткөндөгү соттук отурумда дагы жол коопсуздук кызматкери ал жерде автоунаа токтотууга болбой турганын айткан", - деди Зилалиев.

Буга чейин "Дело №" гезити 2017-жылдын 24-ноябрында президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Дүйшөнбек Зилалиев болсо жогорудагы маалымат абсурд экенин, болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
citizen
2018-08-24 09:49:55
Zilzalaevdin ayali, baldari je taanygandary aityp koygulachy Al kyzga "devushka vy bomba" degen jok beken? ХХХ ХХХ ХХХ
+4
admin_media
2018-08-24 12:08:36
citizen, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Эскертүү!
-1
Sezim.A
2018-08-24 09:50:37
Саламатсыздарбы супер инфо,менин кайрылуум бул тема боюнча эмес кечиресиздер жакында эле "Менин баламды мектепке алыныз"деген укук коргоочулар иш алып барат деп чыккан эле ошолордун номери керек болуп жатат жазып коюнуздарчы сураныч.Бишкекте эжем июндан бери чуркайм албай жатат дейт балким ошолордун жардамы тийип калаар.Мектепке аз убакыт калды.
0
maks94.kb
2018-08-24 10:17:35
Sezim.A,+996771 45 44 45
0312 66 25 87
+1
Sezim.A
2018-08-24 11:29:50
maks94.kb,Алла ыраазы болсун.
+2
Sezim.A
2018-08-24 09:59:06
Зилалиев неберендей кызга тийишкенин учун да Кудай сага корсотсун.Картайганын билбеген кандай заман.Тийишкен убактан эчааак эле откон болсо керек курагын.Тообо комплимент дейт уялбай.
+3
monster_high_98
2018-08-24 10:17:47
Эээ болдучу сериал кыла бербей!Бардык кызды эле силер менен саунада жургон кыздарга окшотпо, баарысы эле намысын сатып жургон жери жок.Ошолорго тенеп тийишип алган окшойт ка1жандап
+8
nur...nur.
2018-08-24 10:40:13
Зилалив сен камала турган адамсын монгуну саткансын
+6
bond02
2018-08-24 11:39:28
Ошол кызды аябай коргум келип жатат да.
-1
progresskg
2018-08-24 13:37:36
хахаха, бул ХХХ азыркы бийлик учун аябай чуркады эле шайлоодо, жанталашып:) эми ошонун узурун коруп жатат.
+2
admin_media
2018-08-24 14:41:18
progresskg, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Эскертүү!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан