Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши каралып, анын жүрүшүндө 3 күбө суралды. Алардын экөө ошол күнү президенттин коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер болсо, бири Дүйшөнбек Зилалиевдин жардамчысы.
Күбөлөр суралып бүткөн соң сот отурумду 4-июнда саат 15:00дө улантуу чечимин кабыл алды.
Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ Академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Кийинчерээк бул маалыматты айткан Зилалиев экени белгилүү болуп, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Дүйшөнбек Зилалиев болсо SUPER.KG порталына жогорудагы маалымат абсурд экенин, болгону курсант кыздын формасына сын айтканын билдирген.