Дүйшөнбек Зилалиев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди, ага "мыйзамсыз баюу" беренеси менен кылмыш иши козголгон

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 9-декабрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотуна алып келинди. Буга чейин анын жактоочусу Учкун Каримов SUPER.KG'ге УКМК аны эмне себептен кармаганын айтып берген.

Каримов маалымдагандай, Зилалиевге "мыйзамсыз баюу" беренеси менен иш козголуп, айыбы угузулган. Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралат. Зилалиевдин өзү эмне себептен кармалганын айтуудан баш тартып, "баарын УКМК өзү айтып берсин" деп жооп берди.

Буга чейин Зилалиев УКМК кызматкерлери тарабынан 7-декабрь күнү Бишкектеги үйүнөн кармалганы маалымдалган.

Ал эми УКМК Зилалиевдин кармалганы боюнча азырынча расмий маалымат тарата элек.

Зилалиевге 2017-жылдын 1-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен иш козголуп, 2018-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту шарттуу түрдө 3 жылга соттогон.

Зилалиевдин жактоочусу ага "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен иш козголгонун айтты
Зилалиев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди
"Мыйзамсыз байыды" делген Зилалиев 2 айга камакка алынды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан