Иранда нааразычылык акциясында каза болгон адамдардын саны 20га жетти
Иранда нааразычылык акциясында каза болгондордун саны 20 адамга жетти.
Бул тууралуу Аssociated press жазды. Анда "Нааразычылык акциясында буга чейин 12 адам каза болгон. Учурда өлкөдөгү нааразычылыктан улам каза болгондордун саны 20 адамга жетти", - деп билдирген.
Эскерте кетсек, 28-декабрда Ирандын жергиликтүү тургундары бийликке нааразычылык митингин башташкан. Жыйынтыгында коопсуздукту көзөмөлдөө кызматкерлери менен митингчилердин ортосундагы тирешүүдөн 12 адам каза болуп жүздөгөн адам камакка алынган.
Митингге чыккандар өлкөнүн оор экономикасынын айынан бийлик өкүлдөрүнө нааразычылык айтып чыгышкан. Алар полиция бөлүмдөрү менен аскердик базаны басып алууга аракет кылышкан. Ал эми Иран президенти Хасан Рухани өлкө жарандарын тынчтыкты сактоого чакырган.