Иранда бийликти колдогондордун митинги эки күндөн бери уланууда

Иранда өкмөттү колдогондордун тынчтык митинги эки күндөн бери уланууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, тынчтык митингине бир нече миңдеген адамдар чыгышкан. Мындай митинг Ирандын бардык аймактарында болуп жатат.

Нааразычылык акциясы жума намазынан кийин башталып, топтолгон адамдар өкмөттү колдой турганын билдирип, жакында болгон окуяларды талкуулап жатышат. Чогулгандар "АКШга кызмат кылгандарга уят!", "Коррупционерлер жазаланышы керек" деген ураан менен турушат.

Белгилей кетсек, 28-декабрда Ирандын ири шаарларында өкмөткө каршы массалык баш аламандыктар башталган. Анда 20га жакын адам каза болуп, 450 адам камакка алынган. Президент Хасан Роухани бул митингдерди өлкөнүн ички саясатына башка өлкөлөр киришип жатат деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Suzak12
2018-01-07 02:26:07
Бул АКШ нын иши элдерди угутоп заманыбыз тынч эле болсун Аллахым
0
TalaCSKA
2018-01-07 04:24:52
Ушул АКШнын жазасын берчи бироо чыгат бекен эмесе 70 жылдан бери бут адамзаттын канын ичип келе жатат Херосима, Вьетнам,Ирак Сирия,Ливия Югославия ж.б миллиондогон бей куноо адамдардын канын ичип келе жатат. демократия деп адамзатты кырып бутмой болду.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан