Чехияда президенттик шайлоонун 1-турунда учурдагы президент Милош Земан шайлоочулардын 38 пайызына ээ болду, анын негизги атаандашы Иржи Драгош 26 пайыз топтоду. Ошентип кийинки өлкө башчы ким болору 2-турдун жыйынтыгы боюнча аныктала турган болду. Бул тууралуу европалык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, президенттик шайлоонун 2-туру 26-27-январда өтмөкчү. Чехияда президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Айта кетсек, 1-турда президенттикке 9 талапкер ат салган. Алар: Милош Земан, Иржи Драгош, Павел Фишер, Петр Ганниг, Марек Гилшер, Михал Горачек, Иржи Гинек, Вратислав Кулганек жана Мирек Тополанек.