Казакстандын Ак-Төбө облусунда автобус күйүп кетип, 52 адам каза болду. Кырсык бүгүн, 18-январь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:30 чамаларында катталганын казак басылмалары жазууда.
Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин өкүлү Руслан Иманкуловдун айтымында, Самара-Ташкент багыты боюнча каттамдагы Икарус үлгүсүндөгү автобус облустагы Калыбай деген айылдын тушуна келгенде күйүп кеткен. Анын ичинде 55 жүргүнчү жана 2 айдоочу болгон. 5 жүргүнчү сыртка чыгып кетүүгө үлгүрүп, калганы чыга албай күйүп кетишкен.
Маалым болгондой, аман калгандар ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан өтүүдө. Учурда кырсык болгон жерде полиция кызматы, куткаруучулар жана дарыгерлер иш алып барышууда.
Алдын ала маалыматка караганда, автобустун ичинде каза болгондордун баары Өзбекстандын жарандары экени айтылууда.