Ошто эне баласын депкир менен эстен тангыча шымына сийип койгондугу үчүн сабаган

Ошто эне 2 жаш 8 айлык баласын эстен тангыча сабагандыгына баланын сийип койгондугу себеп болгон. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков SUPER.KG'ге билдирди.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө эне баласын сийип койгондугу үчүн сабагандыгы белгилүү болду. Ал өзү "күйөөм менен ажырашып кеткем, баламды катуу сабап койдум окшойт. Анын бутуна, башына ургам. Кийин эжем экөөбүз ооруканага алып келдик. Өзүм эч жерде иштебейм" деп айтты", - деди маалымат катчы.

Ал белгилегендей, учурда дарыгерлер наристенин жашап кетишинен күмөн санап жатышат.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарында 23 жаштагы келин баласын депкир менен эстен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Ага удаа эле келин сойкулук менен алектенип жүргөн болушу мүмкүн экендиги жазылды. Ал эми дарыгерлер өзүнүн энеси тарабынан катуу сабалган баланын абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Adyl1502
2018-02-05 19:21:56
Капкур болот))
+2
Sagyndykova1998
2018-02-05 19:40:47
Нарында да депкир деп эле айтылат.Капкур биринчи жолу угушум
-1
toma95
2018-02-05 19:42:03
Балага Аллахых шыпаасын берсин омуру узун болсун.Кудайым баарыбызга сабыр берсин.Ар кайсы жердиктер ар кандай айтышат да чуйлуктор депкирле дейбиз.
+1
stal.ks
2018-02-05 19:48:55
Капкир дейбиз бизде,
ар жерде аркыл айтылат экен
талашбай эле кимге кандай ынгайлуу болсо айта бергиле, баласын урганга соз жок, озунда ошентип уруш керек
+3
raykray
2018-02-05 20:15:45
3жаш бала деген ак караны ажыратып,озу сийип озу жеп калган бала, бирок энеси мурдада ушинтип уруп токмоктом чочутуп койгон, кудай сактасын баланы чапканда таалуу(нерв) жерине катуу тийсе ушинтип сийип же суйлой албай же озун жоготуп жб болот,озун карма ойлонуп иш кылыш кк болчу, ХХХХ!!!
+1
seed
2018-02-05 20:48:30
Келгиле мусулман бир туугандар ушул бала жашап кетиши үчүн дуба кылалы. Админ акча жагынан да жардам берели. Эгер акчанын жардамы менен врачтар өмүрүн сактап кала алса. мен жардам бермекмин 773275357
+3
seed
2018-02-05 20:50:23
Врачтар менен кантип байланышсак болот.
0
nureles70
2018-02-05 20:55:50
Депкирди да кепкирди да биринчи угушум.ал эмне буюм тушунбодум.Бироого кор, бироого зар бала.Соттош керек мындай акмакты.
0
zhykyo
2018-02-05 21:00:57
Балада эмне куноо бирок никесиз торолгон балдар кобойду же мурда эле коп беле деген ой келип кетет
+1
kayratbek81
2018-02-05 22:55:11
zhykyo,никесиз торолду деген болбош керек админ ссизден сураныч бул соз баланын келечегине тасири тиет .Мындай нерселерди жазбай эле койсо
0
Maha-0711
2018-02-05 21:25:34
Тусуну турушунун акмак десе,Аллах оз жазасын берсин
0
gordaya
2018-02-05 22:29:17
Ар ким ааламды оз терезесинен корот деген чын, коменттер депкирди талкуулашыптыр го)))
0
Povetkin
2018-02-05 22:56:50
Озунуда ушундай кылып Эстен тандыра урсан жагат бекен келесоо акмак.
0
Matahara1980
2018-02-05 23:25:46
Башыны жегир турун менен, колун сынып кургап тушуп калгыр!!! Акмак, ушшундай акмактар торобой эле коюшса, тороп алып кууратышпай баланы, эми эмне болот балага инвалид болуп калбаса экен
0
LittleBarbie
2018-02-06 10:42:18
Байкушум ай:( буга чейин да канча кордук кордун экен:(?Аллахтан омуруну тилейм тезирээк жакшы бол.
0
Elnura1997
2018-02-08 20:59:56
Комментарийдин баары эле капкур кепкир депкир болуп кетиптирго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан