Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык соту камактагы оппозиционерлер Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Дастан Сарыгулов боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге жактоочу Марс Кыдыкбаев билдирди.
"Биз райондук соттун чечиминин күчүндө калышына каршыбыз. Соттолуучулар менен кеңешип, Жогорку Сотко кайрылабыз", - деди Кыдыкбаев.
Ал эми "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат соттук отурум мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтты.
"Бул соттук отурум мыйзам бузуулар менен болду. Анткени өкүм чыгарда айыпталуучулар сот залына алынып келген жок. Аларга акыркы сөзүн айтканга мүмкүнчүлүк берилбеди", - деди Зульфия Марат.
Белгилей кетсек, өткөн жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Элдик парламенттин" мүчөлөрү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Кылмыш-жаза кодексинин 27 (кылмышка даярдануу) жана 295-беренелери (бийликти күчкө салып тартып алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 24-мартынан тарта эсептелет.
Эрнест Карыбеков Кылмыш-жаза кодексинин 339 (кылмышты жаап-жашыруу) жана 292-берене (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилди. Жаза өтөө мөөнөтү 2016-жылдын 26-мартынан тарта эсептелет.
Ал эми Дастан Сарыгулов Кылмыш-жаза кодексинин 339-берене (кылмышты жаап-жашыруу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Анын үч жылына шарттуу өтөө жазасы белгиленген.
Маалымат үчүн: 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.