Бүгүн, 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө натыйжа көрсөтө албаган органдарды атап, алардын ишинин жыйынтыгын ашкереледи. Президент бардык укук коргоо органдарынын ишине анализ жүргүзүп чыкканын айтты.
"ИИМ тарабынан акыркы эки жылда 65 миң кылмыш иши козголгон. Анын ичинен соттук кароого болгону 30 пайызы гана жөнөтүлгөн. Ар бир үч иштин экөөсү сотко жиберилген эмес. Сотко жеткен иштердин 44 пайызы боюнча соттор тарабынан айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. 13 пайызы гана жоопко тартылган, анын жарымынан азыраагы эркинен ажыратылган.
Экономикалык жана коорупциялык кылмыштарды иликтей турган Финансы полициясы (Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы - ред.) 2016-2017-жылдары 3807 кылмыш ишин козгогон. Бирок алардын 23 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Ар бир 5 иштин төртөөсү сотко өткөн эмес. Козголгон иштердин 10 пайызы боюнча гана соттор тарабынан айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Сотко өткөн иштердин 27 пайызы боюнча жоопкерчиликтен бошотулган. Болгону 41 кылмыш иши боюнча эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.
УКМК акыркы эки жыл ичинде эки миңден ашык кылмыш ишин козгогон. Бирок алардын 29 пайызы гана сотко жиберилген. Алардын жарымы боюнча айыпталуучулар жоопко тартылган", - деди Жээнбеков.