SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Бишкек шаарындагы №16-бейтапканада лаборант анализ албай, билгениңерди кылгыла деди", - деген билдирүүнү калтырды.
"Биринчи Май районундагы №16-бейтапканада лаборант анализдерди албай, элди тилдеп кетирип жатат. Ал бир күндө 30 гана адамды кабыл алам, калганыңарды билбейм каалаган жериңерге барып арыздангыла дейт. Кезек күтүп тургандардын саны кырктан ашык. Айрымдары көп күндөн бери жүргөндөр. Алар кайсы жакка барып анализ тапшырышат. Бул бейтапканада иштеген дарыгерлердин көбү жарандарды көрүп ар кандай анализ берүү үчүн жеке-менчик лабораторияларга жиберишет. Бул мыйзамсыз да?!" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.