40 жаштагы аял 5 баласы менен 3 жылдан бери мүрзө казган адамдар шаймандарын койгон жайда жашап жүргөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
"Ош шаарына жакын жайгашкан көрүстөндөгү мүрзө казган адамдар тамактанып, күрөк, балкаларын коё турган жерде 40 жаштагы келин 5 баласы менен жашап жүргөнү аныкталды. Ал жерде 3 жылдан бери жашашат экен. Ал аялдын атасы убагында ошол мүрзөдө көр казып иштеген экен. Ал аял эки жолу турмуш куруп, биринчи күйөөсү каза болуп, экинчи күйөөсү башка аял менен Орусияга кетип калыптыр. Эки күйөөсүнөн бирден балдары бар экен. Андан сырткары каза болгон эжесинин 3 баласын да багып алыптыр. Учурда 5 баланын үчөө мектепке барат, мугалимдер үчөө тең жакшы окушарын айтышты", - дейт басма сөз катчы.