"Сулайман-Тоо" музей-комплексинин кызматкерлери жетекчиликке нааразычылыктарын билдиришти

Бүгүн, 27-февралда Ош облусунун "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплексинин кызматкерлери жетекчиликке болгон нааразычылыктарын айтып, көтөрүлүшкө чыгышты. Алар жетекчиликтин жүргүзүп жаткан реформасына канааттанбай, кайрымдуулуктан чогулган каражаттарды максатсыз пайдаланып, мекемедеги кызматкерлердин моралдык укугун тебелеп жатканын SUPER.KG порталына билдиришти.

Шайыр Абжапарова "Сулайман-Тоо" музей-комплексинин эстеликтерди коргоо бөлүмүнүн башчысы аталган музейдеги жаңжалдын чоо-жайын айтып берди.

"Азыркы жетекчибиз Абдыкайым Кангелдиев жетекчи болуп дайындалган күндөн тартып, "мага эч ким эч нерсе дей албайт" деп келген. Бүгүнкү жаңжалдын башы мамлекеттин символу болгон желекти жеке ашканасын оңдоп-түзөп, ошол бөлмөгө салдырып койгонунан башталды. "Эмнеге желекти салып койду?" деп ызы-чуу кылышканда, ал кабинетти жаап койгон. Алдырып коюңуз дегендерге кысым көрсөтө баштаган. Ал иш ошол менен унутулуп бараткан. Жаңы жылда кызматкерлерге кече уюштуруп, белектерди берди. Ал "белектер демөөрчүлөр тарабынан каржыланды" деп айткан. Бирок каражат музейдин кайрымдуулук кутучасынан алыныптыр. Февраль айынын жыйынында кайрымдуулук кутучасына чогулган акчаны сурасак "силердин балдарыңарга белек жасап бердик" дейт. Эгер башында эле кайрымдуулуктан чогулган акчаны иштетип жатабыз десе, ал белектерди алмак эмеспиз. Анан дагы кызматкерлердин моралдык укугун тебелеп келет. 10 жылдык тажрыйбасы бар Фарида Асанова деген кызматкер ден соолугуна байланыштуу убактылуу иштен кеткен эле. Дарылангандан кийин кайра мурдагы ордуна келем десе, 2 күн иштетет да "сени ишке алганым туура болбоптур" деп иштен кетирет. Жөн кетирбей оозго алгыс сөздөр менен урушкан. Бир жолу мени чакырып "Мага каршы чыккандардын эмгек китепчесин каалагандай өзгөртүп, иштен кетирем, соттошуп жүрө берем. Мен соттошуп үйрөнүп калгам. Мени музейдин билимсиз аялдары алып келген эмес, мени Сооронбай Жээнбеков өзү алып келген" деп айткан", - деген пикирин билдирди.

Ал эми музейдин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев кол алдында иштеп жаткандардын айткандарын четке кагып, каралоо катары баалай турганын айтты.

"Кызматкерлердин айткандары калп. 10 жылдан бери жетекчисине баш ийбей, ага карата чагымдарды уюштурган 5-6 кызматкер бар. Алардын ким экенин баары эле билет. Бүгүн да ошол кызматкерлер жаңы келгендерди ээрчитип алып, нааразычылыкка чыгышты. Ал эми кайрымдуулук кутучасынан жаңы жылдык белекке акча жумшаганыбыз баарына маалым. Демөөрчү тапканым ырас, бирок ал киши Жаңы жыл алдында ден соолугу начарлап, ооруканага жатып калгандыктан андан жардам албадык. Ошол себептен бөлүм башчыларды чогултуп, атайын жыйын өткөрүп, алардын макулдугу менен акчаны иштеткенбиз. Кызматкерлердин моралдык укугун тебелеген жерим жок. Болгону Фарида Асанова 1 жылдык мөөнөткө уруксат алып кеткен. Жарым жылга жетпей кайрадан жумуш ордумду бериңиз деп келиптир. Мен анын ордуна башка кишини келишимдик негизде кызматка алып алгам. Ал кызга баарын түшүндүрүп узаткам. Аны сөгүп, урушканым жалган. Мен музейде чоң реформаларды жасап жатам. Менин иштеримди жактырбагандар гана ушундай ишке барууда. Бул көтөрүлүш боюнча өкмөттүк комиссия бир чечим чыгарып берет деп ойлойм", - деди жетекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pchelka85
2018-02-27 16:53:21
Эми Самара директор болуп келмейинче Асан ака ушундай ызы чууларды уюштура берет))))))
+5
KRIMINAL
2018-02-27 17:10:03
Желек жерге төшөлгөндө эле жетекчиликти жок кылыш керек болчу!

Уялбай бөлүм башчылар менен кеңешип кайрымдуулук кутучасын ачып белек алганы иштеткенбиз деп коёт! Эл берген акчаны бөлүм башчылары менен чечип калганбы?!
+2
Nanei
2018-02-27 17:28:04
Горизонт то Самара шоу корунуп калган го.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан