Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып, башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасынын февраль айындагы жеңүүчүсү деп табылды. Өзүн Самара деп тааныштырган окурманыбыз анонимдүүлүктү сактап берүүнү өтүнүп, мындай кабарды жөнөтүүгө эмне түрткү болгонун айтып берди.
"Бишкектеги маршруттук таксинин айдоочулары шаардыктар үчүн өтө чоң коркунуч туудурчу болду. Жапжаш келиндин өмүрүн кыйып, 1,5 жаштагы наристени бир буту жок калтырган кырсыкты интернеттен көрүп жүрөгүм ооруду. "Бутун көрө элек, эмчек эмгиси келип энесин издеп жатат" деген атасынын сөзүн окуп көзүмдөн жаш куюлду. Байкуш наристе эртең эс тартып "апам кана, бир бутум кайда?" деген суроолорду берсе эмне деп жооп беришер экен? Акча деп адыраңдатып айдаган бир айдоочунун айынан ушундай болуп калганын кантип түшүндүрүшөр экен? Эки өмүрдү бир заматта талкалаган ошол маршруттук таксинин айдоочусу сөзсүз жазасын алыш керек.
14-февраль күнү ошол окуяларды ойлоп келе жатып, №220-маршруттук таксиден өтө жаман көрүнүшкө туш болгом. Айдоочу телефонун чукулап бара жатып, аз жерден бир Мерседести сүзүп ала жаздаган. Салонунда жыкжыйма жүргүнчүлөр барбыз. Ошончо адамдын убал-сообун ойлошпойбу булар?! Бирөөнүн кызын, бирөөнүн жубайын, бирөөнүн эжесин, сиңдисин өлтүрүп, күнөөсүз наристени өмүр бою майып кылган жанагы айдоочу дагы ушинтип телефонун чукулап же сүйлөшүп бараткандыр. Бишкек мэриясы маршруттук таксилердин айдоочуларын тыкыр текшерип, катуу көзөмөлгө албаса, мындай кырсыктар жакын арада токтобойт", - деген оюн айтты окурманыбыз.
Бул кабар чыккан соң Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тартип бузган айдоочунун аты-жөнүн тактаган. Ал №220-маршруттук каттамды айдаган Артур Токтосунов экени аныкталган. Айдоочу күнөөсүн моюнуна алып, мындан ары мындай кадамга барбай турганын убадалаган.
"Тартип бузган жаран Административдик кодекстин 239-беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартылды. Аталган каттамды жүргүзүп келген ишкананын жетекчилиги чакыртылып, Токтосунов менен биргеликте башкармалыктын техникалык бөлүмүнүн башчысы Белек Алымов кырсыктардын алдын алуу тууралуу сүйлөштү", - деп жооп берген мекеме.
Айта кетсек, Кыргыз жергесинде жыл башынан бери эл ташыган маршруттук таксилердин катышуусунда 6 жол кырсыгы катталып, 2 адам көз жумган жана 18 адам жаракат алган. Айрыкча, Бишкекте эл ташыган коомдук унаалар катышкан жол кырсыгы өсүүдө. 9-февралда Элебесов-Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобус 1 аялды кызы менен кошо сүзүп кеткен. Жаракат алган аял каза болуп, кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер анын 1 бутун кесишкен. 14-февралда маршруттук такси жеӊил унааны сүзүп, 3 адам жаракат алды. 16-февралда Көк-Жар кичи районунда жүргүнчү ташыган кичи автобус жол кырсыгына кабылып, бир аял жаракат алган.
2017-жылы Бишкекте коомдук транспорттун катышуусунда 252 жол кырсыгы болуп, андан 2 адам каза болсо, 408 адам жаракат алган. Азыркы тапта Бишкек шаарында күнүнө 2700 кичи автобус каттамга чыгат. Жүргүнчүлөрдүн 80 пайызын дал ушул кичи автобустар ташыйт. Рейддер көрсөтүп жаткандай, эл ташыгандардын арасында мас абалында рулга отургандары, айдоочулук күбөлүгү жоктору, жол эрежесин билип-билбегендери же көзгө илбегендери бар.
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдын июль айынан тарта жеңүүчүлөрү: