КСДПнын курултайы 31-мартта өтүшү мүмкүн. Анда партиянын төрагалыгына Атамбаевдин талапкерлиги каралуусу күтүлүүдө

КСДПнын курултайы 31-мартта өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта SUPER.KG порталына аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов билдирди.

Анын айтымында, курултайда партиянын ички маселелери, келечеги талкууланат. "Экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын лидери болчу, лидер бойдон калат. Ал президент болгондон кийин партиянын төрагалыгын убактылуу токтоткон. Бул маселе да каралышы мүмкүн", - деди ал.

Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков партиянын саясий кеңешинин төрагалык кызматына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин талапкерлиги карала турганын билдирген.

КСДПнын жыйыны декабрь айында өтө турганы айтылган. Андан кийин январь айында өтөт деген маалыматтар жарыяланган. Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов съезд февраль айында өтө турганын айткан.

Алмазбек Атамбаев 24-ноябрда президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан