Учурда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз курамасы менен Индия курама командасынын футболдук беттеши жүрүп жатат.
Ага келген күйөрмандардын саны көп. Айрым күйөрмандар билети жок болгондуктан стадионго кире албай калышты. Ошол эле учурда кечигип келгендердин катары суюла элек. Буга чейин беттешти көрүү үчүн келгендерге билеттер 300 сомдон 600 сомго чейин сатылып жатканы маалымдалган.