Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташты. Бул тууралуу кабарды таңдан тартып жашоочулар билдире башташты.
Көп өтпөй маршруттук таксилердин жумушка чыкпай койгондугунун себеби маалым болду. Ал эми абалды УКМК териштире тургандыгы айтылды. Бул арада мэрия маршруттук каттамдардын жүрбөй калышы боюнча эч кандай билдирүү келбегенин айтты.
Маршруттук унаалардын күтүүсүздөн жүрбөй калышы шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратты. Мындан тышкары жолдордо унаа тыгындары, башаламандыктар жаралды. SUPER.KG порталы абалга бийиктиктен көз салды.