Баткен районундагы Сай айылында көчкү жүрүп, мал-жандыктар ылай алдында калды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына айыл тургуну Эмил Эшматали уулу кабарлады.
Анын айтымында, көчкү 18-апрелде саат 23:00дөр чамасында түшкөн.
"Көчкүнү айыл тургундары тынымсыз, катуу жааган жамгырдан улам болду деп жатышат. Жаңы тигилген бакты, эгин талааларын басып калды. Ошондой эле талаадагы мал да көчкү алдында калган. Азырынча канча мал топурак алдында калганы белгисиз. Бактыга жараша, жашоочулардан жабыркагандар жок, үйлөргө да жеткен эмес", - деди Эшматали уулу.
Ошондой эле ал көчкүнүн эртеси, 19-апрелде каналдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, талааларды каптап кеткенин кошумчалады. Буга байланыштуу андагы мал-жандыктар ылай сууда калган.
"Көчкү жүрүү коркунучу дагы бар. Жаан катуу жааса, ошол эле жерден көчкү түшүшү мүмкүн. Биздин айылда 300дөй түтүн жашайт", - деп билдирди айыл тургуну.