"Инспектор кандай болсо да капотко жабышпаш керек болчу, айдоочуну токтотууга толтура жолдор бар" дейт унаасын инспекторду көздөй айдаган аял

"Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүндө айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду 300 метр аралыкка чейин түртүп келди", - деген маалымат коомчулукта кызуу талкууланууда. Унааны башкарып бара жаткан 43 жаштагы аял Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ташполот Балтабаевдин кызы экени белгилүү болду. SUPER.KG порталы коомчулуктун талкуусуна калган айдоочу, Нургүл Балтабаева менен байланышып, жагдайдын дагы бир тарабын укту.

Нургүл Балтабаеванын айтымында, инспектор өз милдеттерин так билбейт жана ыйгарым укуктарын ашырып алган.

"Ал мени Бөкөнбаев көчөсүнөн токтотуп, куру жок бара жатасыңар деди. Мен курду тагып алгам, жанымда сиңдим бар болчу, ал кош бойлуулуктун 9-айында, чын эле кур такпай бара жаткан. Мен инспекторго кош бойлуу келинге кур тагынуу ыңгайсыз экенин түшүндүрдүм. Бирок ал менден айдоочулук күбөлүгүмдү сурады, күбөлүгүмдү ага бердим, андан кийин ал протокол түзө баштады. 300 сом айып пул салынарын айтты.

Ошол учурда мен да андан эмненин негизинде протокол түзүп жатканын, өзүнүн да уруксат документтерин көргөзүшүн сурадым, бирок ал бул суроолорго жооп берген жок.

Мындан кийин унаамды айдап кетүүнү чечтим. Ошол учурда ал менин унаамдын капотуна жабышып алды, мындай кадамга эмне үчүн барганын такыр түшүнбөйм.

Менин айдоочулук күбөлүгүм инспектордун колунда калды, мындан тышкары өзүнүн да унаасы бар болчу. Эгер мен кача турган болсом токтотуунун толтура жолу бар эле да, "план перехват" кылса же унаасы менен артымдан келсе, айтор, башка жолду тандаса болмок. Бирок ал ушул шоу көрүнүштү уюштурду. Мен унаамды токтото албай 2 саат жүрдүм, анткени инспектор ага жол берген жок. Видеодо унааны жогорку ылдамдыкта айдагандай көрүнгөнүм менен абдан жай айдадым. Айдап бара жатып андан эмнеге мындай кадамга барганын сурап, "мен качпайм" деп айттым, ага болбой ошондой калыпта Бөкөнбаев көчөсүнүн Турусбеков менен кесилишкен жеринен Манас проспектисине чейин келдик", - деди Балтабаева.

Ошондой эле айдоочу милиция, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерин чакырууну өтүнгөн. Бирок 2 сааттан кийин гана дагы бир инспектор, дагы убакыт өтүп мобилдик топ менен "102" кызматы келген.

"Бул учурда инспектор өз өмүрүнө коркунуч жаралганын, 2 аял ага баш бербей жатканын айтты. Эми ал өзүнүн кызматын да так аткарганды билиш керек да, менин көз карашымда ал өзүнүн ыйгарым укуктарын өтө эле ашырып алды. Ошол учурда биздин унаанын жанына дагы бир адам келип алып, видеого тартып кош бойлуу сиңдимди "ит" деп тилдеп, чаап жиберүүгө аракеттенди. Биз мындай ызы-чууну каалаган жокпуз, милиция келип кырдаалды териштирсе экен деп турдук. Эгер өз ишин мыкты билген инспектор болсо, мындай шоу көрүнүштү уюштурмак эмес", - дейт айдоочу аял.

Ошондой эле бул иш адилеттүү иликтениши керек экенин айтат ал.

"Мени кечээ саат 16:00гө чейин милиция бөлүмүндө кармап, камакка алуу аракетин көрүштү. Эгер адилеттүү иликтене турган болсо, анда инспектор да катуу эскертүү алат же ага да чара көрүлүшү керек. Көп жылдан бери унаа айдайм, бир да жолу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер менен пикир келишпестиктер болгон эмес.

Бул жагдайда менин күнөөм жок дебейм, инспектор капотко жабышып алса да унааны токтотпой айдап кете бергеним туура эмес экенин моюнума алам. Аял катары эмоцияга да алдырып жибердим. Бирок коомчулук бир тараптуу кабыл алып жатат. Буга атамдын атын да аралаштырышты, мен депутаттын кызы болгондугум үчүн эмес, инспектордун так иштебегенине ачууланып эмоцияга алдырдым. Иш адилеттүү каралышын талап кылам", - деди Балтабаева.

Буга чейин жаралган жагдай боюнча инспектор өзү да SUPER.KG порталына айтып берген эле.

Эске салсак, кечээ, 31-майда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жол тандабастын айдоочусу инспекторду жол тандабас унаасы менен 300 метрдей аралыкка чейин түртүп келгенин кабарлаган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик адамына зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИББи билдирген эле.

Инспекторду капотуна сүйрөгөн аялга карата кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (42)
Isco22
2018-06-01 16:02:35
Аялдар коор чыкты
+7
Miroslav
2018-06-01 16:03:52
Тойгончо жеп олгочо карганат дейтго ошондой болуптур.Актанба депутатын кызысын баарибир карапайым калк сага ишенбейт,бирок беркилеодаа ит акча учун олуп алышат.так что бирин ол бирин кирип кет
+9
urmat-77
2018-06-01 16:08:54
Жепутаттын эркеталтаңы.Дагы кууса болот дегеничи.Иса Өмүркуловтун уулуна окшоп кутулат же кууй турган МАИ чыкса ХХХХ ХХХХХХ
+14
Дарыгер
2018-06-01 16:37:54
urmat-77, ))))
+2
Zainidin96
2018-06-01 18:03:58
Кароче кызды камап салыш керек и точка
+5
Dordoilep20
2018-06-01 18:46:53
Алдагы депутаттын кызы копкон немего,жоопко тартыш керек андай акылы тайкы аялды.Андай жооругун мамлекетке эмес ,уйундогу ата-энесине корсотсун
+4
Totyua.71.
2018-06-01 18:59:57
Көпкөн аял ,закондун жогу,бийликтин кызыкчылыгы дагы деле болсо!
+1
Dimonbek
2018-06-01 23:16:00
О*урган кыз о*урбаган кыздын бетин тырмайт дейт беле?
+5
mira28
2018-06-01 23:49:21
Dimonbek,ха хаго макалын. Уяты жок аял экен.43 жаш чоон эле катын экен жакшынакай эле суйлоп синдисин урушкан болуп инилерим кечиргиле деп 300 сомун толоп эле койбойбу.Озунун авторитетин озу тогуп машинанын мындан башка эч ким айдабагансып.Мурда деле далай жолу бузуп жургон жол эрежесин куйоосу менен атасын бетине коюп кутулуп жургон да.Бул жолкуда ожор инспекторго жолугуптурда.Очки такса эле бети жабылып калгансып тим эле кыйын.
+12
aksy94
2018-06-02 09:56:28
mira28, МАИ чилердеда куноо иттер алар суйлосон оздорунчо коркутуп жооп бербей билгенин кылат тебелеп олтуруп эле кетпептир
-5
Zulya2
2018-06-02 05:04:33
Эч Ким токтоткон эмес Буга чейин дейт , алар тааныйт болуш керек ошон учун мыйзам бузсан да токтотпой,Эми Элден уялсан Боло актанбай.
+2
azimova90
2018-06-02 12:15:56
Аял башың менен уял акмак
+5
ZANIA-92
2018-06-02 13:09:13
Мээси жок катын экенсин. Шоу мына сен уюштурдун а гаишник эмес. Куушам деп элдин баарын сузуп кетсен эмне болот эле?
+6
Topchu83
2018-06-02 17:17:50
бир тараптуу болбойлу туугандар балким инспектордода айып бар. милициянын кылыгын корсонор [moderated]тан тема: биздин милиция бизди коргойбу же кордойбу
-1
Arlenchik
2018-06-02 23:32:49
Албетте адилеттуу чечим кабыл алынсын, ишти адилеттуу карап чыныгы кунолуну жоопко тарта турган болсо, анда чыныгы кунолу силерсинер копкон катын.
+1
Janna07
2018-06-03 03:55:38
Экоотен тузук эмес, ошон учун бирин олуп, бирин кал. ГАИ лерда копкон, чондорунда копкон.
0
aydinnur
2018-06-03 11:12:31
Көпкөн"кыз"экен да бул 43- жаштагы аял))
0
mbk
2018-06-04 19:07:55
Мен унаамды токтото албай 2 саат жүрдүм, анткени инспектор ага жол берген жок.
https://www.super.kg/kabar/news/233919/ дейт ко, 2 саат жабышып журдубу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан