Жети-Өгүз районунун Покровка айылынын тургуну 29 жаштагы Исфандияр Бабашов учурда кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж. Анын денесинин 85 пайызы күйүп, учурда оор абалда Бишкек шаарындагы №4-оорукананын күйүк бөлүмүндө жатканын жубайы Элдана Таалайбекова SUPER.KG порталына билдирди.
Таалайбекованын айтымында, күтүлбөгөн кырсык 21-майда болгон.
"Исфандияр короодо койдун башын куйкалап жаткан. Ошол учурда паяльник атылып кетиптир. Бир убакта кыйкырган катуу үн чыкты. Мен сыртка чыксам, жолдошум күйүп жатыптыр, бир саамга катып туруп калдым. Үйдө эч ким жок эле, нес абалда эмне кылдым билбейм, айтор, өрттү өчүрүптүрмүн. Кайнагамды чакырып, кайнене-кайнаталарым менен дароо Жети-Өгүз райондук ооруканасына жеткирдик. Ал жерде жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатты. Андан соң абалы оор болгондуктан Бишкекке жөнөтүштү. Жолго 18 миң сом төлөп, дарыгерлер менен чогуу алып келдик", - деди Таалайбекова.
Айтымында, Исфандияр күйүп жатканда эле эсин жоготкон, учурда эсине келип аз-аздан сүйлөп жатат.
"Азыр да абалы абдан оор, тамак жей албайт, түтүк менен араң суу ичет. Дем ала албай калат, жасалма дем алдырууга туура келип жатат. Оорудан жаны аябай кыйналып жатат. Күн сайын кан, плазма, түрдүү дары-дармектер керектелип жатат. Күнүнө 10-15 миң сомго чейин каражат кетүүдө, дарыгерлер да абалыбызды түшүнүп айрым дары каражаттардан жардам бергени менен денеси терең күйгөндүгүнө байланыштуу өтө көп дары керек болууда", - деди ал.
Ошондой эле Таалайбекова күйөөсү дале эсине келе элек экенин, уктай албай, уктаса катуу чочуп ойгонуп, кан басымы көтөрүлүп жатканын кошумчалады.
"Учурда дарыгерлер күйүктөн кийинки биринчи дарылоо процессин гана жасап жатышат, Исфандияр нес абалдан чыгып, дем алуусу жакшыргандан кийин операция жасалышы керек экен. Бирок ага чейин дагы көп аракеттер көрүлүшү керек. Ооруканага келгенибизге 15 күндөй болуп калды, тууган, тааныштарыбыз жардам берди. Ошолордун жардамы менен ушуга чейинки дарыларын алып жатканбыз, эми жолдошумдун айыгып кетиши үчүн элден жардам суроого мажбур болдук. Экөөбүздүн 3 балабыз бар, аларды чоң ата, чоң энеси карап жатат. Мен күйөөмдүн жанында, өзүм да күнү-түнү уктай элекмин", - деди Элдана Таалайбекова.
Ал белгилегендей, паяльниктин жарылып кетүүсүнө аны көп үйлөтүп койгону себеп болушу мүмкүн. Исфандияр Бабашовго жардам берүүнү каалагандар агасы Бабашов Искендер Байышовичке байланышса болот. Элсом номери: 0708 26 64 80.
Исфандияр Бабашовдун жубайы Элдана Таалайбекованын байланыш номери: 0702 59 45 14.