Журналист Уланбек Эгизбаевдин жансыз денеси соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Уланбек Эгизбаевдин сөөгү кечээ, 22-июлда түн ичинде Бишкекке алып келинген. Экспертизанын жыйынтыктары 1 ай аралыгында билинет", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, кечээ, 22-июлда "Азаттык" радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон.