Кыргыз өлкөсүнүн жарандары иштеп, каражат таап, өз турмуш тиричилигин жакшыртуу үчүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жүргөндүгү белгилүү. Анын ичинен мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенет. Айрым учурда үй-бүлөнүн бир эле мүчөсү иштеп, калган жакындарын камсыздап да жүргүзгөндөр аз эмес. Бул үчүн алар оор жумушка, кээде жагымсыз мамилеге, ысык-суукка кайыл болуп нан таап жүргөндүгүн өзгө жерде эмгектенген ар бир мигрант ырастайт.
Эми мына мекениме кайтып, мээримине жылынам деген мигранттардын кубанарына шек жок. Мына ушундай жакшы маанай менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан Кыргыз жерине жол тарткан мекендешибиз жолдо көргөн азабын айтып SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына кайрылган эле.
"Элдик кабарга" окурман 9-июлда "Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Окурман өзүнүн билдирүүсүндө: "Жолго чыгып жатканда айдоочулар 3 күндө Бишкекке жете турганыбызды айтышкан. Бирок унаа жолдо бузулуп, 7 күн жол жүрдүк, күндүн ысыгында автобуста эч кандай шарт жок, 52 жүргүнчү азап тарттык. Айдоочулар кечирим сурагандын ордуна орой мамиле жасашты, алыс жолго чыккан айдоочу камдуу болбойбу", - деп жазган.
Кабар жарыялангандан кийин дароо окурмандардын талкуусун жараткан. Анда көпчүлүк окурмандар жол жүрүүдөгү ар кандай кыйынчылыктарды айтышып, иретке келтирип, карай турган кызмат барбы деп кызыгышкан.
Бул боюнча SUPER.KG порталы Транспорт жана жолдор министрлигине байланышканда өз ишине так эмес, жүргүнчүнү кыйнаган айдоочуга миң сом өлчөмүндөгү айып салынарын билдиришкен. Мигранттар баштан кечирип келе жаткан көйгөйдү коомчулукка жарыялаган окурман "Элдик кабардын" июль айындагы жеңүүчүсү деп табылды.
"2 жыл Орусияда ашпозчу болуп эмгектенип, мекениме кайтуу үчүн жолго чыктым. Өзүм көргөн азаптан кийин ар бир жолоочу чыга турган унаасын жана аны айдаган айдоочуну жакшылап тандап алуу керектигин айтат элем", - деди ал.
- Айтсаңыз, бизге кабар жөнөтүүгө эмне түрткү болду?
- Биздин мигранттар дайыма узак жолго чыгышат. Алардын тарткан азабы да көп. Мен бул кабар менен мигранттар жок дегенде жол жүрүүдөгү кыйынчылыктарды коомчулук аз болсо да билип, тийиштүү органдар бир карап койсо деген максатта жөнөткөм.
Биз көргөн жолдогу кыйынчылыктарды башка эч ким көрбөсүн. Анткени автобус жараксыз абалда узак жолго чыккан. Карапайым эл 7 күн жолдо жүрүп, ошондо да өздөрүнүн укугунун корголуусун талап кыла алышпагандыгы мени өкүндүрдү. Автобустун жарактан чыгып калганын көрүп, акчабызды берип жолду уланта бергиле деп койбогон айдоочуларга да таң калдым. Мындай унаага түшүп алганыбыз үчүн айыптуудай болуп жаш жигиттерибиз жол бою автобусту түртүп, оңдоп, карала-торала болуп келишти", - деди жеңүүчү.
"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:
2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман (Ош облусу).
2018-жыл, февраль айы - Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып, башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман (Бишкек шаары).
2018-жыл, март айы - Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты жөнөткөн окурман (Бишкек шаары).
2018-жыл, апрель айы - Ноокатта сүйгөн кызына барып, сабалган жигиттин окуясын жөнөткөн окурман.
2018-жыл, май айы - Айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду жөөлөй айдады деген маалыматты жөнөткөн окурман.
2018-жыл, июнь айы - Мектепти мугалимдер оңдоп-түзөөгө милдеттүүбү деген маалыматты жөнөткөн окурман.