super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды" дейт окурман

 

"Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды" деген билдирүүсүн окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына WhatsApp аркылуу жөнөткөн.

Окурмандын айтымында, эл аралык багытта жүргөн автобустардын абалы зээнди кейитерлик, аларда эч кандай шарт жок. Муну менен катар эле айдоочулар да жүргүнчүлөргө орой мамиле кылышат.

"Санкт-Петербург-Бишкек багыты боюнча жүргөн автобуска түшүп жол тартканбыз. Айдоочулар 3 күндүн ичинде Бишкекке жетесиңер деп айтышкан. Бул автобуста 52 жүргүнчү келди. Автобус жолдо бузулуп калып 7 күн жол жүрдүк. Автобустун ичинде эч кандай шарт жок, ысыкта кондиционери дагы иштебейт же терезелери ачылбайт", - дейт окурман.

Ошондой эле окурман айдоочулар жүргүнчүлөргө кайдыгер мамиле кылып, аларга автобусту сүрөткө тартууга да уруксат бербей койгонун кошумчалаган.

"Мекенин сагынган мигранттар учакка билеттин кымбаттыгынан автобус менен келишет. Чет жерде кыйналганы аз келгенсип жолдо да азап тартат. Күндүн ысыгында жолдо ачка, көлөкө жер таппай кыйналдык. Ал эми акчасын алган айдоочулар бизден кечирим сурап да, абалыбызга кызыгып да коюшкан жок", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(18)
09.07.2018. 09:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 18:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкекстан
+13
Ошо 7 кундун тамагы эле канча чыгып кетет. Ошол тамактын акчасын кошуп эле самолетко билет алган онго
aman0296 түзөттү 2018-07-09 09:39:26
09.07.2018. 09:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
12-07-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 19:16
Жынысы:
Белгисиз
+23
aman0296,эмне сенин оюнча жолдо 7 кун жолдо журобуз деп чыкты дейсинби?
09.07.2018. 10:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 21:17
Жынысы:
Белгисиз
+9
Samash-87,туура айтасыз. 3 кундо жетебиз деген ой менен чыгышты да.
09.07.2018. 09:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1206
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 19:45
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жол азабы кор азабы дейт, андай автобуска ким уруксат берди? Каттамдан алыш керек тезинен.
09.07.2018. 09:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
255
Катталган:
24-09-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 21:36
Жынысы:
Белгисиз
+13
bond02,аны техника деп коет каяктан билесин бузулуп калышын
09.07.2018. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
12-07-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 19:16
Жынысы:
Белгисиз
+9
Muratmipa,техниканы карап минсен техника деле сага жакшы кызмат кылып берет.Ошончо узак жолго чыгып жаткандан кийин тех осмотр дегенден отуп карап чыгыш керекби,оздорунун эле пайдасы ойлобой.
09.07.2018. 10:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
471
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 20:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+1
Жакшы суротко тартып алыптыр го,адашпасам жанагы Рыскуловадан кетчу автобустар эмеспи
monster_high_98 түзөттү 2018-07-09 10:11:29
09.07.2018. 10:22 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-06-2018
Соӊку аракети:
11-08-2018 15:31
Жынысы:
Белгисиз
+8
Самалётко билет алганга акчалары аз ананда ошол ашып калган бир аз акчага белек алам дегенда туугандарына...Автобустун кесепетида бийликтен коз каранды,шалаакылыгы!акчаны алышты билишет,ошол нааразы болгон адамдардын акчалары жукбасада керек!
NNnurelasema түзөттү 2018-07-09 10:24:27
09.07.2018. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
01-10-2017
Соӊку аракети:
05-08-2018 22:56
Жынысы:
Белгисиз
-13
Жер мн жургон анча жакшы .Бузулуп жети кундо тируу келдинер.А эгер самолёт учуп келатып балону жарылса эмне кылмаксынар?Жети кылымда да жетмек эмессинер
09.07.2018. 12:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
23-06-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Булар частный перевозчиктер болсо керек мамлекетке карабайт
09.07.2018. 12:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
21-02-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 08:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Автобус канчага алып келет экен мисалы женил машиналар 5000 ге алып кетет питерден ошого отурушбайбы же автобус андан да арзанбы?
09.07.2018. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
18-08-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 16:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай жеке каттамдарды мамлекет козомолдош керек эскилиги жеткен автобус кичи автобус унааларды алыскы каттамга чыгарбаш керек баары тыю салыш керек айп толотуш керек мындайларга биринчи орунда элдин коопсузуну ойлошкерек,ушундай каттамдарды мамлекет козомолго алышын отунуп кетет элем транспорт министирлигидене.
09.07.2018. 13:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
285
Катталган:
04-01-2014
Соӊку аракети:
15-08-2018 13:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
азыркы убакта Москва шаарында жашайм
+2
Самолёттун баасын түшүрүп, жок дегенде ушундай көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылышса болмок, байкуш мигранттар элини багып жатабыз.
09.07.2018. 21:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
05-03-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 17:43
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жайдын куну,ыстыкта пачагын чыгып кетет 2-3кун жолдо журөм деп,буттар шишип.Самолетко билеттер кыйла кымбаттап кетти
09.07.2018. 22:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 18:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр Озбекстан Тажикстандыктар да биздин направлениедан пайдаланып жатышат оздорундо эки эсе кымбат ошого да спрос кобойуп кымбаттап жатат.буга бийлик чара коробу чон маселе
09.07.2018. 22:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
11-09-2016
Соӊку аракети:
14-08-2018 01:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-Балта
-3
Битрленбей эле учака чыкпайт белеңер. Кандай эле автобусту сүрөткө тартканга уруксат бербейт?! Эмне айдоочу баарыңды тикирейип тиктеп көзөмөл кылып аттыбы? Жол азабы, гөр азабы дейт. Техника деген техника. Ушул эми болбогон нерсени жалпы мигранттарга зыяны тийип аткансып чуу кыла бересиңерби?
11.07.2018. 14:43 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
10-07-2018
Соӊку аракети:
11-07-2018 14:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам достор! Фактысы жок, айдоочунун жамандай бербегиле! Мен да ошол автобуз менен келгем 29 июнда. Айдоочуларб жолдон апаларга жана балдары менен келиндерге тамак алып берип келди, ар бир токтогон кафелерден!
16.07.2018. 11:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
367
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
22-09-2018 08:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Апаларды жаш балдарды кошо кыйнап 7 кун жол жургузгон адамдарга жиним келет, озун аран журуп апанды баланды ошентип Москвага чакырбай эле койсо Кыпгызстанда жыргап куунап кун откорушо беришет тамагына киймине акча салып тур кенениреек.. Откондо да жолдон 2 наристе авариядан коз жумду..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: