КҮНСЕРЕП: Коррупция менен күрөшөм деген кызматкерге "чык эшикке" дешти

Бүгүн, 23-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Экологиялык жана техникалык инспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөшөм деген ниети жана аракети үчүн кызматтан алынды. Ал SUPER.KG порталына аталган инспекциядагы коррупционер кызматкерлер менен алышып отуруп иштен айдалганын билдирди. Мамбеталиева мекемедеги акча каражаттарынын олку-солку пайдаланылышына, кадр саясатынын соодалашууга өтүп кеткенине күбө болуп, жетекчиликке бир нече жолу кайрылганын айтат. "Бирок бул демилгем дайыма эле көз жаздымда калып келген. 11-июль күнү кеңсенин ичинде баарыбыз таза иштейли деген акция уюштуруп, плакат көтөрүп чыгып, инспекциядагы кызматкерлерди дагы чакыргам. Ошол күндөн тарта мага кысым көрсөтүлө баштады", - дейт Мамбеталиева.

Анара Мамбеталиева 3 жылдан бери аталган инспекцияда маалымат катчы болуп иштеп келген. Ал Экотехинспекциядагы коррупциялык схемалар боюнча жетиштүү далилдерге ээ экенин айтып, "эгер укук коргоо органдары менин коопсуздугумду коргоого кепилдик берсе, анда кайсы объектилердин артында ким турганын, кандай коррупциялык схемалар бар экенин далилдеп айтып бере алам", - дейт. Инспекциянын жетекчилиги аталган кызматкер кеңседе митинг уюштурганы үчүн кызматтан бошотулганын айтып "мекеменин ичинде митинг уюштурууга болбойт" дейт. Мамбеталиеванын айткандарынын негизинде комиссия кызматтык иликтөө жүргүзгөнүн маалымдап, юридикалык баа берүү үчүн материалдар Эсептөө палатасына жана Башкы прокуратурага жиберилгенин билдиришти. Мамбеталиева "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун (мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу) негизинде иштен алынды. Экотехинспекциянын "митинг" деп чочуганы бир кызматкердин мекемеде коррупцияны жоёлу, токтотолу, тазаланалы деп чакырып, плакат кармап турганы экен. Баш мыйзамдын 34-беренесинде бакыя "ар бир жаран тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу" деп жазылып турат. Инспекциянын жетекчилиги, комиссиясы Баш мыйзам менен тааныш эмес өңдүү.

Кызматкердин жогорудагыдай жол менен кызматтан алынышы канчалык мыйзамдуу деген суроо чыгат. Мамбеталиеванын айтымында, ал ооруканада дарыланып жаткан кезинде кызматтан бошотулган. Эмгек кодекси боюнча ооруканада жаткан, эмгек өргүүсүндө жүргөн кызматкерди жумуштан бошотууга болбойт. Андыктан эми экс-пресс-катчы айыгып чыккан соң сотко кайрыларын айтат. Жакында гана дарыланып жүргөн кезинде кызматтан бошотулбашы керек эле деп Райымбек Матраимовду кызматына кайтаруу чечимин чыгарган сот Мамбеталиевага башкача чечим чыгара албасы анык.

Окуянын саясий жагы да бар. Ал өлкө башчысы жолугушууларында, кайрылууларында "коррупция өлкөнүн өнүгүүсүн артка тарткан эң мокочо көрүнүш. Күрөшөбүз. Тамырын кыркабыз" деп, улам жыйын уюштуруп жүргөндө мамлекеттик мекемелердин ичинде бул күрөшкө реалдуу мамиле кандай болуп жатканын ачыктады...

Бүгүн көптөн бери күтүлгөн окуя ишке ашпай калды. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны аукцион жолу менен аныктоо үзгүлтүккө учурады. Тендердик комиссиянын төрагасы Кубаныч Шадемиров муну техникалык мүчүлүштүктөргө шылтады.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу сунушу үч компаниядан түштү: эки жергиликтүү ("Мега-Лайн" жана "Кыргызтелеком") жана орусиялык "Вега". Анда "Мега-Лайн" аталган долбоор үчүн 50 миллиард сомдон ашуун каражат сунуштаганы көрсөтүлүп калды. Бул сумма мамлекет койгон старттык баадан, башкача айтканда, 2,5 миллиард сомдон жыйырма эсе көп болгондуктан, бул жагдайды тендердик комиссиянын төрагасы толук түшүндүрө алган жок. Ал эми "Вега" менен "Кыргызтелекомдун" сунуштары көрсөтүлбөй калды. "Мамлекеттик сатып алуулар порталынын системи жеңүүчүнү көрсөткөн жок. Адистер мунун себептерин аныктап жатышат. Аукциондун жыйынтыгы сөзсүз чыгарылып, жеңүүчү компания коомчулукка жарыяланат", - деди Шадемиров.

Аукциондун үзгүлтүккө учурашы атайын жасалган деген күмөндүү ойлор да жаралбай койгон жок. Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатындагы "Коопсуз шаар" долбоору бир нече жылдан бери улам бир жаңыланган өкмөттүн программасында айтылып, дегеле ишке ашпай келе жатат. Мындай долбоорду ишке ашыруу менен Кыргыз өлкөсү велосипед ойлоп таап деле жибербейт. Ал канчалаган шаар, өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жаткан систем. Андыктан мамлекеттик машинада жолдогу баш аламандыктар, жол коопсуздугу, тартип, жарандардын коопсуздугу өңдүү маселелердин чечилишин, иретке келтирилишин каалабаган, бул боюнча жеке кызыкчылыгы бар күчтөр отурат деген ой жаралат...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан