ӨКМ: "Ата-Түрк" паркында ачык аянттагы куураган чөптөр күйүп жатат"

Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "Ата-Түрк" паркынан бүгүн, 28-августта чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы SUPER.KG порталына кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт парктын батыш тарабындагы куураган чөптөрдөн чыккан.

"Ачык аянтта куураган чөптөр күйүп жаткандыгы боюнча маалымат саат 16:10дор чамасында келип түштү. Адегенде өрт өчүрүүчү бир бригада кырсык болгон жерге жөнөп кетишти. Саат 16:26да 2-өрт өчүрүүчү бригада чыккан. Саат 17:03тө өрт курчоого алынды. Кошумча маалыматтар берилет", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багында өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан