Эрдоган "Кызмат" уюму боюнча: "Биз Кыргыз өлкөсүнө биздегидей төңкөрүштү каалабайбыз"

"Бизде эң маанилүү суроолордун бири - бул "ФЕТӨ"("Кызмат" уюму) уюму". Мындай пикирин Режеп Тайып Эрдоган журналисттерге билдирүү жасап жатып айтты.

"Бизде 2016-жылдын июлунда төңкөрүш жасоо аракети болгон. "ФЕТӨ" уюму Түрк өлкөсүнө коркунуч туудурат. Алар бизге кол салды. 251 киши курман болду. Биз бүгүн коопсуздук суроосун талкууладык. Андай төңкөрүш Кыргыз жеринде болушун каалабайбыз. Ушул суроону аяктап, башка сүйлөшпөсөк деп ниеттенем. Мен бүт Кыргыз өлкөсүнө “Маариф” фондун сунуштайм. Биздин бир тарыхыбыз, келечегибиз бар", - деди Эрдоган.

Түркияда диний аалым Фетхуллах Гүленге тиешелүү болгон "ФЕТӨ" уюму экстремисттик деп табылган. Аталган уюмга тиешеси бар делген "Кызмат" уюму Кыргыз өлкөсүндө да иш алып барып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
orun
2018-09-01 22:07:28
Төңкөрүлүшпү же төңкөрүшпү? Кайсынысы туура? Адатта төңкөрүш деп эле айтылып келет го...
0
bekmaral
2018-09-01 23:05:03
orun,Тонкорулгондорго тонкорулуш м:Акаев,Бакиев.Тонкоргондорго тонкоруш.М:элге.
0
anonymous
2018-09-01 23:57:22
Охоо кайра кайра кайталап талап койуптур го фето боюнча. Соке не дейт экен эми
+2
i1urp
2018-09-02 00:06:55
Кыргызстанга баары эле талап коюп келе жатышат.
+2
Aliyar85
2018-09-02 15:16:24
Эрдоган бийлике зависимый болуп калды путинге окшоп озуга келген нерсени тантырай берет соке аткарбайт аны ал нерсени кааласада аткара албайт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан