Кыргыз өлкөсү ВИЧ илдетинин көрсөткүчү өсүп бараткан 10 өлкөнүн катарында

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча ВИЧ-СПИД илдетин жуктурду деп 7 миң 666 адам катталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, Кыргыз өлкөсү ВИЧ илдетинин көрсөткүчү өсүп бараткан 10 өлкөнүн катарына кирсе, кургак учук оорусунун көбөйүшү боюнча алдыда турган 18 өлкөнүн ичинде.

Ошондой эле министр өлкөдө жүрөк кан тамыр оорусунан улам өлүмгө учурагандардын саны көп экендигин белгиледи. Мындан тышкары Чолпонбаев майып балдардын саны көбөйүп жатканын да айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabaev
2018-10-13 15:51:35
Онолбоду го Кыргызстан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан