КТРКнын иш таштаган айдоочусу: "Жаңы жетекчи техниканы түшүнбөгөндөн кийин аны менен кантип иштешебиз деген ойго келдик"

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаарында Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) айдоочулары иш таштады. КТРКнын 48 айдоочусу жетекчиси Рерик Абакиров жумуштан себепсиз алынганы үчүн жумушка чыгышкан жок.

SUPER.KG порталы КТРКнын автотранспорт цехине барып, айдоочулардын нааразычылыгы менен таанышып келди.

Алгачкы суроолорго Улан Рахматалиев жооп берип, төмөнкүлөрдү айтып берди:

"Биздин бүгүнкү иш таштообузга автотранспорт цехинин жетекчисинин себепсиз жумуштан алынышы себеп болду. Аны жумуштан себеби жок алып жатат, анын ишин бул жакта жалпы жамаат көрүп жатабыз. Эртең менен башка бирөө келип, "мен силерге жетекчи болдум" деди. Болбосо биз жакшынакай эле эртең менен жумушка келип, иштейли деп жатканбыз. Жаңы жетекчини бизге эч ким тааныштырбайт, ал өзү келип эле "мен жетекчи болом" дегенинен биз иш таштадык. Жаңы жетекчи буга чейин КТРКнын жабдуу бөлүмүндө иштеген Адис деген бала экен", - деди айдоочу.

Айдоочу Туратбек Бусурманов жаңы жетекчи КТРКнын башкы директору менен жакын тааныш экенин айтып берди. "Жаңы дайындалган жетекчи буга чейин башкы директор Илим Карыпбеков менен "Манас" аэропортунда чогуу иштеген экен. Өзү экономист, анан ал техниканы түшүнбөгөндөн кийин биз кантип иштешебиз? Бизге Рерик Абакировдон башка жетекчинин кереги жок", - деди Бусурманов.

Ал эми жумуштан себепсиз айдалган Рерик Абакиров төмөнкүлөргө токтолду.

"Бул маселе боюнча, бүгүн эртең менен мага Адис Мамаев деген жигит чалып кабарлады. Аны кечээ күнү Илим Карыпбеков чакырып, менин жумуштан убактылуу бошотула турганымды айтып, Мамаевди менин ордума дайындаптыр. Бул нерсе балдарга жакпай калды.

Негизи бул маселе боюнча жетекчилик буйрук чыгарышы керек болчу. Кийин мени жана Адис Мамаевди буйрук менен тааныштырышы керек болчу. Андан соң мени жумуштан ала берсе болмок", - деди Абакиров.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков бул маселе боюнча социалдык тармакта билдирүү жасады.

"КТРКнын структурасында "Республикалык радио-телецентр" (РРТЦ) деген өзүнчө юридикалык уюм иш алып барат. КТРКнын структурасында болгону менен, бул уюм өзүнчө мамлекеттик мекеме болуп эсептелет. КТРКнын автотранспорттору дагы бул мекемеге тийиштүү. Кыскасы, РРТЦ КТРКны транспорт жана техника менен камсыз кылган уюм.

Бүгүн чынында эле бул уюмдун айдоочулары кызматка чыгуудан баш тартышкан. Мен жыйын ордуна барып айдоочулар менен жолугуп, алардын негизги талабын угуп келдим. Негизги талабы - гараждын башкармасы Рерик Абакировду жумуш ордунан кызматтык териштирүү учурунда убактылуу четтетүүгө каршы чыгышкандыгын билдиришти.

Азыркы тапта КТРКнын РРТЦ структуралык мекемесинин автотранспорттук гаражынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бул комиссия өзүнүн ишин аягына чыгара элек. Комиссиянын иши ар тараптуу, объективдүү болуусу жана комиссиянын ишине ар кандай тоскоолдуктар болбошу үчүн Абакировду убактылуу гараждын башчылыгынан четтетүү чечими кабыл алынган. Бул чечим менен макул болбогон айдоочулар кызматка чыгуудан баш тартышкан.

Айдоочулар менен чогулуш болуп бүттү. Алардын дооматтарын угуп, Абакировду жумушунан убактылуу четтетүү чечими жокко чыгарылды. Ошондой эле автотранспорттук гаражды текшерүү үчүн укук коргоо органдарын жана Эсептөө палатасынын адистерин чакыруу чечими кабыл алынды. Бул тапта жыйын бүттү, айдоочулар өз ишине киришти. Бул КТРКнын күнүмдүк иштеринин бир учуру. Мындай маселелер ар бир жумушта болот жана бул маселелер мыйзам чегинде өз учурунда каралып турат", - деп жазган.


кошулду
КТРКнын элүүдөй айдоочусу иш таштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sagyn.91
2018-11-21 20:43:45
Акчанарды оз убагында берип жатабы?
Колунарда ишинер бар.
А иштейбербейсинерби, ".....кыскан бай болот" деп эле.

Эми кордунорбу, оздорунун жакындарын ишке алып тууганчылык болуп кеткенин.

+3
RusMos76
2018-11-21 20:44:07
Эн туура кылышкан шопурлар.
0
CEO1
2018-11-21 20:54:48
Буга окшогон шопурларды жумуштан алыш керек...

Менин колумда болгондо баарын жумуштан бошотуп, 50 машиненин ордуна 15-20 машине калтырып, ошолорго конкурс боюнча жаны айдоочуларды алмакмын.

Тиги кызматына кайткан жетекчи бут тааныш-билишин топтоп алган корунот.....
+6
haydarkan
2018-11-21 21:09:15
Эми ХХХХХХ корсотот секин секиин. Иштей берсенер болмок ит дурбосо эшшек кошо дурбоптурдон болбой селердин артынарда биро туратта мен болом деген
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан