Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) элүүдөй айдоочусу иш таштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактардан билдиришти. Маалыматты тактоо жана айдоочулардын иш таштоосунун себебин билүү үчүн телерадиокорпорациянын айдоочуларынын бири Арсланбек Курмановго байланышканыбызда маалыматты ырастады.
Анын айтымында, бүгүн таңдан бери КТРКнын автотранспорт цехинин айдоочулары иш ташташкан. Ага цехтин жетекчисинин иштен алынышы себеп болууда.
"Биз эртең менен жумушка келсек айдоочулардын жетекчиси Рерик Абакиров иштен алынып, ордуна жаңы жетекчи дайындалып калыптыр. Биз, айдоочулар Абакировду негизсиз жумуштан алынды, жаңы жетекчи менен иштеше албайбыз деп жатабыз. Анын иштен алына тургандыгы тууралуу буга чейин такыр кабарыбыз жок болчу. Жалпысынан цехте элүүдөй айдоочу иштейт", - деди Курманов.
Ал эми Коомдук телерадиокорпорациясы азырынча андагы иш таштоо тууралуу билдирүү тарата элек. Алдыда SUPER.KG порталы абал тууралуу КТРКнын тиешелүү кызматтарынан угуп, жарыялайт.